Ошто Эне тууралуу мыкты ырдын сынагы өттү

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Оштогу аялдардын эл аралык “Насыят” ассоциациясынын демилгеси менен шаар мэриясы жана маданият башкармасы менен бирдикте эне тууралуу мыкты обондуу ырдын сынагы өткөрүлдү. Сынакка 15тей обондуу ырлардын авторлору катышышып, биринчи орунга татыктуу болгон обондуу ырдын текстин жазган акынга 5000, обонун чыгарган обончуга 5000, ал эми ырды аткаруучуга 4000 сом ыйгарылды.

Биринчиликке акын Тазагүл Закирова, обончу Сейдрахман Матиев жана аткаруучу К.Кебекбаевалар татыктуу болушту. Сынакта экинчи орунга акын Кубанычбек Бакиев, үчүнчү орунга акын Турабай Жороевдер татыктуу болушса, обончу Болот Токтобаев экинчи, обончу Абдыкерим Ахмедовдор үчүнчү орунга татыктуу болушту. Калыстар тобунун төрагасы КР эл артисти Жолболду Алыбаев сынакта фонограмма колдонулбагандыгын, ошондуктан катышуучулардын аз болгондугун, азыркы мезгилде айрым обончулар эптеген текст менен ыр чыгарып, сонун обонун бузуп алып жатышкандыгын, ошондуктан сынакта ырдын тексти, обону менен бирге каралып жаткандыгын белгиледи.

Ж.Акунова, “Кабар”, МА, 3.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.