М.Тойбаев: Азыр тарбия жеке менчик болуп калды

“Азыркы шартта жаштарды тарбиялоо үчүн катуу тартип жана акыйкат идеология керек”, – дейт Кыргызстандын Эл жазуучусу, драматург Мырзабек Тойбаев “Азаттыкка” берген маегинде. Мырзабек Тойбаевдин 35-40 жыл мурда да актуалдуу болгон “Жоронун жоруктары” пьесасы азыркы заманга ылайыкташтырылып айрым оңдоолор менен кайрадан сахнада коюлууда.

“Азаттык”: Мырзабек агай, чыгарманын жардамы менен жаш муунду кантип тарбияласа болот? Азыр жаштар китеп окубай, театрга барбай калды деген сындар айтылып жатпайбы?

Мырзабек Тойбаев: – Азыр заман башка, албетте, жаштардын тарибясы да башкача болуп калды. Мисалы, азыр аскерге десе айрымдары эптеп кутулуп калуу максатында качат. Бул чындык. Азыр тарбия жеке менчик болуп калды. Ар ким өзүнүн чөнтөгү үчүн, кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзөт, оокат кылат дегендей. Эмне үчүн социализм учурунда балдар, жаштар тарбиялуу болгон?

Ал кезде чындап өз мекенин коргойбуз деп аскер бөлүктөрүнө барып душманга каршы, жоого барабыз деп өздөрү суранышкан. Азыр андай эмес. Азыр жаштарды тартипке чыгыруу керек. Эч кимге жашыруун эмес, тилекке каршы, көп шаарларда анын ичинде Бишкекте түнкү клуб деген бар экен. Тилекке каршы денесин саткан кыздар ар кайсы көчөлөрдө турап атат, бул да жашыруун эмес. Биздин кыргыз элинде качан ушундай бар эле!?

Тартипти катуу сакташ керек, акыйкаттык болуш керек. Акыйкаттык болбосо ушунадй ээн баштык, тартипсиздик, уятсыздык улана бере турган сыяктуу. Акыйкаттык болгон жерде ынтымак, достук, теңчилик, бири-бирин сыйлашуу болот. Бул эрди-катындын да, бир туугандын да, уруу элидн, айылдаштардын ортосунда ушундай мамиле болушу керек. Башчылар өздөрү акыйкат, теңчил облушу керек.

“Азаттык”: Азыркы тапта жаштарды алдыга сүйрөй турган идеологиянын жоктугун тартип жок, ушундай иштер болуп жатат деп айтылып жатат. Сиз бул жаатта эмне айта аласыз. Деги кандай идеологияны сунуштайсыз, ал керекпи?

Мырзабек Тойбаев: – Албетте акыйкат идеология болбосо өлкө өнүкпөйт. Ата-бабаларыбздан калган “Күч бирдикте” деген макал бар. Чындыгында ошондой, а бирдикте болуш үчүн акыйкаттык, теңдик болуш керек.

“Азаттык”: – Мекенчил темасын да козгоп кеттиңиз. Сиздин байкашыңызча азыркы жаштар патриаттуулук жагынан кандай?

Мырзабек Тойбаев: – Албетте, арасында патриоттор да бар. Чет өлкөгө барып окуп, эмне жакшы, эмне жаман дегенди билип, көрүп, үйрөнүп калгандар да жок эмес. Бирок, тилекке каршы, учурда көпчүлүк жаштар мекенчил эмес. Өздөрүнүн оокатын кыла албай жүргөндөр. Биздин коомдук түзүлүш, саясий түзүлүштун өзү жеке менчикчил. Негизинен өздөрүн гана ойлойт. Эгер ушундай болуп жүрүп отурса келечеги жакшы болбойт.

“Азаттык”: Залкар жазуучу Ч.Айтматов сизди тынчы жок, дайыма изденген адам деп жазган экен. Учурда эмне жазып жатасыз, дегеним кандай чыгарманын үстүндө изденип жатасыз?

Мырзабек Тойбаев: – Чынгыз Айтматовго абдан ыраазымын. Анктени ал киши абдан акылдуу, көрөгөч, көсөм болчу. Жаштарга абдан жакшы акыйкат, калыс мамиле кылчу. Азыр өлкөнү жакшы, асыл адамдар башкарышы керек. Ошон үчүн “Асыл адамдар” деген китеп жазып жатабыз.

Өлкөнү “жуликтер” эмес асыл адамдар башкарып, асыл адамдар бассын деген максатта. Андан сырткары соавторум Жапарбек Жумагулов экөөбүз улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө чыгарма жазганбыз. Аны режиссер Турсун Уралиев сахналаштырып атат, буюрса бир-эки айда элге чыгып калат. Учурда Ысык-Көлдө коюу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат.

“Азаттык”: – Жаштарга арналган дагы жаңы чыгармаларды жазуу планыңызда барбы?

Мырзабек Тойбаев: – Жаңы чыгармаларды мен жазгым келсе да жазгым келбейт. Себеби мурдагы совет доорундагыдай бир тыйын калем акы төлөбөсө, киши деп баалабаса эмнени жазасың. Жазсам деп ойлоймун, бирок, азыр жазуучуларга совет учурундагыдай мамиле жок. Биз азыр ачыгын айтканда, кудайчы сыяктуу болуп демөөрчү издеп калдык.

Пьесам коюла турган болсом, китеп чыгара турган болсом демөөрчү издейм. Бергени берет, бербегени жок. Анан кантип жаңы чыгарма жазасың, жазгың да келбей калат экен. Мен жети томдугумду чыгардым, башыман абдан өттү да. Менимче келечек муун сөзсүз акыйкат заманды орнотот. Кыргыздын тилин, дилин сактап, маданиятын кайра калыбына келтириш керек.

“Азаттык” радиосу, 14.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.