Берлинде Кыргызстандын эл артисти Гүлнур Сатылганованын чыгармачыл кечеси болду

28-март күнү Берлиндеги Кыргызстандын элчилигинин имаратында Кыргызстандын эл артисти, көптөгөн эл аралык жана улуттук сыйлыктардын ээси Гүлнур Сатылганованын  чыгармачыл кечеси болду. Кыргыз ырларынын кечеси жазгы  Нооруз майрамына  жана Элдик революциянын төрт жылдыгына арналды”,-деп маалымдайт КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

“Кыргыз ырларынын кечеси кыргыз музыкасын сүйүүчүлөрдүн кеңири аудиториясын элчиликтин имаратына чогултту.

Келгендердин арасында кыргыз диаспораларын жана ушул жылы мартта түзүлгөн кыргыз-герман коомунун активисттери, Германияда окуган кыргыз студенттери да бар. Иш-чара толук аншлаг менен өттү. Кече биздин кыргызстандыктарды Кыргызстанда өткөн жаз майрамдарына жакындатты”-, деп жазышат элчиликтин өкүлдөрү.

«Zpress.kg» МА, 30.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.