Төлөк айылындагы клуб режиссер Алмаз Сарлыкбековдун ысымына аталды

Чүй облусунун Төлөк айылындагы жергиликтүү клубга режиссер Алмаз Сарлыкбековдун ысымы ыйгарылды. Бул жөнүндө бүгүн Маданият жана маалымат министрлигинде билдиришти.

Театр режиссеру А.Сарлыкбеков ушул айылдан чыккан. Ал Кыргызстандын театр искусствосуна 30 жылдан ашык эмгек кылды жана ушул жылдарда өлкөнүн ар кайсы театрларынын сахналарына кыргыз драматургдары сыяктуу эле дүйнөлүк адабий классиктеринин көп спектаклдерин койгон.

МТ, «Кабар» МА, 06.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.