С. Раев: Жаңы мыйзам улуттук маданиятты кайра жаратууга багытталган

«Маданият жөнүндө» жаңы мыйзам мурдагы мыйзамдан принциптүү түрдө айырмаланат. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.

«Бүгүн мамлекет башчысы 7-апрелде кол койгон «Маданият жөнүндө» жаңы мыйзам күчүнө кирет. «Маданият жөнүндө» мурдагы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган жана небак эле эскирди. Жаңы мыйзамдын башкы артыкчылыгы, эң оболу, ал Кыргыз улуттук маданиятын кайра жаратууга багытталгандыгында, мыйзам бул үчүн бардык укуктук базаны түзөт», – деп билдирди С. Раев.

Анын айтымында, мыйзам КМШнын өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдө маданият жөнүндөгү моделдик мыйзамдарды эсепке алуу менен иштелип чыккан.

Жаңы мыйзамдын башкы артыкчылыктарынын арасында маданият чөйрөсүнө республикалык бюджеттин каражаттарынын кеминде 3 пайызын бөлүп берүү турат. Мыйзамдын дагы бир артыкчылыгы ал маданият жана искусство обьектилерин менчиктештирүүгө тыюу сала тургандыгы болуп эсептелет.

ЖТ, «Кабар» МА, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.