Кирпи
(Латыш жомогу)
Кирпи тыйын таап алды. Жанынан бир бай кетип бараткан.
Кирпи байды карап-карап туруп:
— Менде болгон байда жок! — дейт.
— Сенде анчалык эмне бар болду экен? — дейт бай.
Кирпи колундагы тыйынды көрсөтөт. Бай жини келип аны тартып алат.
Анда кирпи айтат:
— Ии, мен айтпадым беле, менде болгон сенде жок деп. Сенде болсо менден жанталашып тартып албайт элең.
Байдын ого бетер жини келип, тыйынды ыргытып ийет. Анда кирпи күлөт:
— Аа, менден коркуп ыргытып ийдиңби?
Бай кирпини сабайын дейт, бирок сайып салат деп коркот. Ошентип жини келген боюнча арабасына түшүп алып кетип калыптыр.
Которгон Жыргалбек Касаболотов
Соц тармактар: