Көкбөрү Аль Сабахты арбады жана Азия оюндарына кирмек болду

d0bad0bed0bad0b1d0bed180d183Жакында эле Кыргызстанга расмий сапар менен Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти, Кувейттин коопсуздук, коргоо, ички иштер министри шейх Ф.Аль Сабах келип, президентке АОКтун алтын орденин тапшырып, өкмөт башчы менен да жолуккан. Араб, кувейттик ишкерлер да кошо келип, бир катар инвестиция алып келүү долбоорлорун талкууга алышкан. Спорт коомчулугу менен жолугушуп, кыргыз ыр-күү, музыкасын угуп, айрыкча “Манас” эпосунан үзүндүгө абдан кызыкты. Комуз күүлөрүн, эл аспаптарындагы обондорду жактырып укту.

Дүйнө жүзүн түрө кыдырып, далай кызыкты көргөн, көр дүйнөгө көзү тойгон шейх Аль Сабахтын көңүлүнө көк бөрү оюнубуз толду көрүнөт. Ошол күндөрү тынбай жааган жамгырга, баткакка карабай, “Аккула” атмайданына барып, жигиттердин “Көкбөрү” таймашына күбө болду. Майдалап жааган жамгырга карабай улак тартып, ат үстүндө өнөрүн көрсөткөн жигиттерди сүрөөнгө алып, ар бир таштаган улакка 300 доллардай байге сайып, улакчылардын бүйүрүн кызытып койду. Мындай жоомарт ханзааданын көңүлүн алып, көкбөрүнүн кереметин көрсөтөлү – дештиби, айтор улакчылар баткакка карабай, курч таймашууну көрсөтүп, бул оюндун кызыгына шейхти да батырды.

– Көкбөрүнүн фонунда футбол, хоккей, ат чабыш баштаган №7 делген спорт оюндары шоона эшпей калат экен, бул көкбөрүнү беш өлкө эле ойносо, эмки 2014-жылы Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарынын программасына киргизип, Азия элдерине кеңири жайылталы, мындай сезим дүргүткөн, бүйүр кызытып, делебени козгогон өтө курч, таасирдүү оюнду мурда көргөн эмесмин. Анык эр-азаматтардын оюну экен, – деп ыраазы болду Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти шейх Аль Сабах. Убадасына туруп ар бир тайказанга ташталган улак үчүн 300 доллардын ордуна жигиттерди ыраазы кылып, санап олтурбай эле бир пачке долларды ыргытып коюп, ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин кыз куумай оюнунун да кызыгына батып, бул оюнга да күбө болду. Көкбөрүнүн таасирине арбалган Аль Сабах үчүн кыз куумай оюнубуз тамашалуу оюндай эле көрүнүп калды окшойт:
– Ошентип Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстан, Кытайдагы кыргыздарды кошкондо 7 мамлекеттин көкбөрүчүлөрүн кошуп, Азия олимпиадалык Кеңешке сунуштасак, буюрса көкбөрүбүз Азия оюндарынын катарына кирип калат, – деп сүйүнүп жүрөт, өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

«Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.