Бүгүн эл аралык музей күнү: Тарых музейинде көйгөйлөр толтура

Бүгүн музей күнү. Бул күн 1978-жылдан баштап, жыл сайын 18-майда дүйнө жүзүндө музейлердин эл аралык күнү катары белгиленип келүүдө.

Азыркы тапта Кыргызстанда фольклор, тарых, сүрөт баштаган ар кандай багыттагы 44 музей бар. Ал эми ал музейлердин көч башында Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Тарых музейи турат. Бул тууралуу “Zpress.kg” маалымат агенттигине аталган музейдин директору Чынаев Жеңишбек Чынаевич билдирди.

“Тарых музейинде 131 штат болсо, анын 45и илимий, калгандары тейлөө, инженердик-техникалык кызматкерлер. Музейдин ишин абдан жакшы деп айтууга болбойт. Анткени музейде бир катар чоң маселелер бар. Биринчиси, музейдин экспонаттары баалуу, уникалдуу, раритет болуп, алардын  бардыгы Кыргызстандын тарыхын жакшы чагылдыра алса жакшы болот эле. Экинчиси материалдык-техникалык база, үчүнчүсү кадр маселеси. Биздин ЖОЖдордо музей адистигин даярдаган бир да окуу жай жок. Анан калса, айлык акы араң 2000 сомдун тегерегинде болгондуктан, учурда жалаң пенсионерлер жана фанаттар гана иштеп, жаштар музейге ишке келбей жатышат”, – дейт Ж.Чынаев.

Музей директорунун айтымында, тарых музейине арналып, анын талаптарына ылайык бардык шарттары менен курулган имарат Кыргызстанда жок.

“Азыркы биз отурган имарат Москвадагы борбордук Ленин музейинин Кыргызстандагы филиалы болгон кичине имарат. Ал эми бизде 100 миңге жакын экспонат бар. Анын 2,5-3 миңи гана элге көргөзмөгө коюлуп, калгандары сактоочу жайда өзүнүн саатын күтүп жатат. Бул имараттын тардыгынан. Бизде бешинчи гана кабатта 1000 м.кв. жер Кыргызстандын тарыхын чагылдырууга арналган. Өлкөнүн таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын ушул аянтка батырууга болобу? Албетте болбойт, мүмкүн эмес. Бирок, ошого карабай учурда ошентүүгө туура келип жатат. Ал эми төртүнчү кабат толугу менен Ленинге, үчүнчү кабат Кыргызстанга берилген белектерге арналган. А чынында бул аянттардын баарына Кыргызстандын тарыхын чагылдырган экспонаттарды койсок да, алардын чети оюлбайт.

Музейге 24 жылдан бери капиталдык ремонт жүргүзүлө элек экен. Негизи норма боюнча он-он беш жылда бирден мындай ремонт жүргүзүлүп турушу керек. Буюрса, өкмөттүн токтомунун негизинде ремонт жүргүзүп, жаңы экспозиция түзгөнү жатабыз, ал эмдиги жылы ишке ашат деген ойдобуз. Ага бюджеттен 39 миллион сом каралып, быйыл анын 18 миллиону бөлүнөнү турат”, – дейт директор

Ошондой эле, Ж.Чынаев жаңы имарат салдыруу маселеси боюнча министрликке, өкмөткө, президентке чейин дайым маселе коюп келатышкандыгын, бирок, оң жооп ала электигин кошумчалады.

Мукан Токтакун

P.S. “Zpress.kg” маалымат агенттиги музей кызматкерлерин эл аралык музей күнү менен куттуктайт!. Кылымдардан келе жаткан  калк мурастарын, асыл кенчтерин жоготпой сактап, аларды жаңы муунга тааныштырып, элибиздин маданиятынын, тарыхынын, тилинин жана башка байлыктарынын ушул күнгө чейин сакталышына салым кошуп келатышкандыктарына ыраазылык билдирет.

“Zpress.kg” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.