«Ала-тоо» аянтындагы жаңы тууну ушул жуманын соңуна чейин орнотушат

ala-too-300x225«Ала-тоо» аянтындагы жаңы тууну ушул жуманын соңуна чейин орнотушат. Бул тууралуу  Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы  борбордун Капиталдык курулуш башкармалыгына шилтеме жасап кабарлады. Мурда белгиленгендей, жаңы курулуштун бийиктиги 45 метрге жетип, ал эми желектин өзү 150 чарчы метр болмокчу.

Азыр мурдагы желек саптын ордуна жерпай курулуп, ал технологиянын талаптарына ылайык 5-7 күн күч келбеген абалда турушу керек. Мындан соң дароо жаңы желек сапты орнотуу башталат. Аны курууга кеткен каражаттар шаардык бюджеттин эсебинен бөлүнүп, 1 миллион 650  миң сом сарпталган.

Мурда шаардын борборун кооздоп турган 16 метрлик желек азыр шаардык муниципалитеттин имаратынын каршысына орнотулмакчы.

“Zpress.kg” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.