Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн салт болгон ар жылкы көргөзмөсү ачылат

20-майда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн салт болгон ар жылкы көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигине экспозицияны уюштуруучу, прикладдык-сүрөтчү, Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Шералы Сооронбаев билдирди. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун жана Г.Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинин 75 жылдыгына карата белгиленген көргөзмөдө жаңы баштаган 43 жаш чеберлердин, Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрүнүн: живопись, графика, керамика, декоративдик-колдонмо искусство сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрсөтүлмөкчү.

Эмгектин авторлорунун арасында – Клара Абдраева, Замир Илипов, Жумаш Жааналиев, Руслан Жунусалиев, Чыңгыз Шаршеналиев, Улан Сатыбаев, Гүлмира Сатарова жана башкалар бар. Эсеби боюнча жаш сүрөтчүлөрдүн алтынчы көргөзмөсү 20-майдан 1-июнга чейин көрсөтүлөт. Бирикмеде бүгүнкү күндө бардыгы болуп 45ке жакын мүчө бар.

А.Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 19.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.