Кыргыз жаш кинорежиссерлорунун I фестивалы ачылат

d18dd0b3d0b5d0bdБүгүн Бишкектеги “Октябрь” кино театрында саат 11 де Кыргызстандын жаш кинорежиссерлорунун I фестивалы ачылат. Фестивалдык сынак жарыяланган үч ай убакыттан бери ар кандай жанрдагы 60 кинотасма келип түшүп, комиссия тарабынан 13 гана тасма тандалып алынды.

Кыргызстандын 40 жашка чейинки жаш кинорежиссерлорунун кинофестивалы алгач ирет өтүп жатат. Союз учурунда кыргыз киносу дүйнө көрөрмандарынын көз кырында болгон эле. Ал эми эгемен жылдар ичинде албетте көркөм өнөрдүн бардык тармактарындай эле кино тармагы да көп проблемаларга тушукту. Эгеменден берки 20 жылдай убакыт ичинде Кыргыз киносуна кандай жаш кинорежиссерлор келип кошулду, алардын дарамети канчалык – фестивалдын башкы максаты мына ушул. Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча жыл башынан бери фестивалдык кароо комиссиясына 60 эмгек келип түшкөн. Бирок алардын 13 гана тандалып алынды:

Фестивалга көбүнчө кыска метраждуу фильмдер, анан даректүү тасмалар келип түштү. Ал эми толук метраждуу көркөм тасмалар аз болду. Беш-алтоо түштү. Кырк жашка чейинкилердики негизинен кыска метраждуу фильмдер. Конкурстук сынак да кыска метраждуу тасмалардын арасында жүрмөкчү. Антпесе атаандаштык болбой калчудай. Андан тышкары аннимациялык фильмдер жана клиптер түштү. Булар да конкурска кирбейт.

Кыргыздын жаш кинорежиссерлорунун алгачкы фестивалы Бишкектеги “Октябрь” кино театрында салтанаттуу ачылып, концерт менен уланат. Фестивалга белгилүү кыргыз кино ишмерлери катышат. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн да коноктор чакырылган. Комиссия тарабынан тандалып алынган 13 кино тасма фестивалдын бардык катышуучуларына көрсөтүлмөкчү жана авторлорго баалуу сыйлыктар тапшырылат. Алардын арасында Наргиза Маматкулова, Айбек Бекболотов, Юлия Коновалова, Изат Абдраимов, Максат Калдаров өңдүү жаш киночулар бар:

Сыйлыктарды биз он номинацияда карап жатабыз. Гран-прини жеңип алган конкурсантыбыз биздин финансылык колдообуз менен эмки жылы толук метраждуу кино тасмасын тарта алат. Андан кийинки орундарды алгандарга – эң мыкты режиссер, эң мыкты сценарист, аялдардын эң мыкты ролу үчүн, эркектердин мыкты ролу үчүн деген сыяктуу номинацияларыбыз бар. Ошондой эле айрым демөөрчүлөрүбүздүн жеңүүчүлөр үчүн өзүнчө сыйлыктары да бар.

Сыйлыктарга татып жаткан эмгектердин арасында – чет өлкөлөрдөн эл аралык сыйлыктарды жеңип алган тасмалар менен кошо жаш үйрөнчүк студент жаштардын да эмгектери бар. Бул жерде тандоо комиссиясы – айрым техникалык кемчиликтерге түшүнүү менен карап, негизи чыгарманын өзгөчөлүгүнө, андагы жаңы ойго көңүл бурду:

Биз ушул фестивалдын алкагында өлкө президентине да кайрылуу менен чыгып жатабыз. Мындай фестиваль эки-үч жыл ичинде өткөрүлүп турса, жаштардын өсүшүнө жакшы өбөлгө түзүлмөк. Ошондо алардын арасынан – Убукеевдер да, Океевдер да, Шамшиевдер да чыгат.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.