Таласта жаңы кино тасма тартылып жатат

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын экинчи жумасынан баштап Талас районундагы Бердике Баатыр айыл округуна караштуу Арашан айылында (мурунку Шверник айылы) азырынча «Акжолтой» деген ат менен таштанды кыздын оор тагдыры туурасында кино тасма тартылып жаткан кези.

Тасма Асанбек Кулманбетовдун «Акжолтой» аттуу драмасынын негизинде тартылып жатат. Сценарийдин автору жана режиссеру Кыргыз Түрк Манас университетинин бүтүрүүчүсү Бекказы Садабаев: «Бул менин дипломдук ишим болуп саналат. Драма жанрынан баштаганымдын себеби коомдук катаклизмдерди элге журтка көрсөтүү менен бирге алардан арылуу жолун издөөдө болуп жатат. Тасманы Арашан айылынан тышкары метептерде, ооруканаларда тартып жүрөбүз» – деп билдирди жаш кино режиссер.

Тасмада башкы ролду «Алые маки Ысык-куля», «Сүйүү сынагы» филимдеринде катышкан Бузурман кызы Айпери ойноодо.

Бердике Батыр айыл округунун башчысы Каныбек Байтиковдун баамында бул тасмада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Бетме-бет» фильминин баш карманы болгон Ысмайылдын ролун ойногон Бузурман Одуракаев да бар.

Сыргак Раимканов, «Talasnews.KG», 22.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.