ШКУнун Эл аралык кинофестивалы келерки жайда болот

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ысык-көлдө өтүүчү III Эл аралык кинофестивалы келерки жайда болот. Бул туурасында республикалык Кинематография департаментинин башчысы Абибилла Пазылов жаш киночулар менен болгон жолугушуусунда айтты.

“Мен Маданият жана маалымат министрлигине кинофестивалдын Дирекциясын түзүү сунушу менен кайрылдым, ал кино майрамынын ачылышына чейин уюштуруу масеоллери менен алектенет”, – деп билдирди ал.

Биринчи Улуттук жаш кинематографистттердин “Үмүт” фестивалы эки жылда бир өткөрүлүп турат. А.Пвазыловдун айтымында “Үмүт – 2009” фестивалынын жеңүүчүлөрү Акжол Бекболотов жана Наргиза Маматкулова жакында “Кыргызфильм” киностудиясында жаңы көркөм тасма тартууга киришет.

Туран Осонов, «Кабар» МА, 22.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.