Аяздагы гүл

«Комсомольская правда Кыргызстан» гезити Кыргызстанда рекорддор китеби жарык көргөнүн, ал өтө кызыктуу фактыларды жарыялаганын жар салды.

Рекорддор китебинин автору жалпы журтка белгилүү Ысмайыл Кадыров бул китепти түзүүгө өмүрүнүн 20 жылын арнаган. Автор 500 нуска менен гана жарыкка чыккан китебин орусча котортуп, экинчи китепти түзүүгө киришкени айтылат. Биз дагы окурмандарыбызга мына ошол «Кыргыздын Гиннес китебине» кирген кызыктардан кыстара кетели.

Дүйнө адабиятындагы эң эле гениалдуу, эң эле көлөмдүү эпос – «Манас» эпосу болуп саналат. Ал 500 миң 553 ыр саптан турат. Бул деген көлөмү боюнча Гомердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» жана Индиянын «Махабкаратын» кошуп алгандагыдан да алда канча көлөмдүү.

Гиннес китебине белгилүү каскадер, маркум Үсөн Кудайбергенов да кирген. Ал 1980-жылы «Генийдин жаш чагы» деген киного тартылып жатып, минип турган аты менен Сыр Дайрага 27 метр бийиктиктен кулаган.

Ысмайыл Кадыров Кыргызстандын эң эле табышмактуу жана сырдуу жери катары Баткендин Кыштут деген жерин рекорддор китебине кийирген. Анткени Кыштутта жай мезгилинде бир ай бою, кыш мезгилинде бир ай бою күндүн нуру деген караманча болбойт экен.

Дагы бир табышмактуу жер Ысык-Көлдүн Аксуусундагы Алтын Арашан көлү. Көлдүн өзгөчөлүгү ушунда – кыштын кычыраган аязында да жээги жайнап-жадырап гүлдөп турат.

Кыргызстандагы эң эле узун радио тасма «Манас» эпосу жазылган тасма болуп саналат. 1960-жылы радиорежиссер Турсун Уралиев Саякбай Каралаевдин оозунан «Манасты» жазып алган. Үн тасманын узундугу 45 миң метрге чейин жеткен.

Кыргыздардын уламышы боюнча бийликте эң эле аз олтурган хан Кедейкан болгон. Ал тактыга жетерин жеткен, бирок бечара 15 күн гана бийлик жүргүзгөн.

Эң эле көп аял алган кыргыз – атактуу акын Барпы Алыкулов болгон экен. Ал 20 жолу төшөк жаңыртыптыр. Барпы көп аял алуу боюнча биринчиликти дагы эле акындар бербептир. Айтылуу Тоголок Молдо 19 жолу үйлөнүптүр.

Айтор акын Ысмайыл Кадыровдун «Гиннес китеби кыргыздагы кызыктарга өтө бай.

Ушул эле гезит белгилүү музыкант, Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин таланттуу кызы Нурайым Азыкбаеванын Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анджелес шаарында өткөн өтө кадыр-барктуу эларалык сынагында чоң жеңишке жеткенин кубануу менен жазып чыкты.

Гезиттен Нурайымдын продюсери Адил Чекиловдун жана Нурайымдын өзүн интервьюларын окууга болот. Баса, Нурайым Ысык-Көлдө өткөн саммите ырдап бергени, анын урматына президенттер кол чаап, тост көтөрүшкөнү да кабарланган.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 13.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.