Кыргызстанда кино таануучу Каарман Ашымов атындагы сыйлыкка ММКлар арасында сынак жарыяланды

Кыргызстанда белгилүү кино таануучу Каарман Ашымов атындагы сыйлыкка массалык маалымат каражаттары менен жеке авторлор арасында сынак жарыяланды. Аталган сынакка республиканын кино искусствосунун көйгөйлөрүн чагылдырган материалдар ушул жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар 17-ноябрь – Улуттук кино күнүндө ыйгарылат. Бул туурасында Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн он адамдан турган атайын комиссия түзүлдү. Анын ичинде белгилүү кинематографисттер, журналисттер, жазуучу, ошондой эле «Кыргызфильм» киностудиясынын кызматкерлери бар.

Белгилей кетсек, К.Ашымов атындагы сыйлыкка ээ болгондорго сертификат, сыйлык төш белгиси менен бирге акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Мында ММКлар үчүн биринчи орунга – 25 миң, экинчи орунга – 15 миң, үчүнчүгө – 10 миң сом, жеке авторлор үчүн биринчиге – 15 миң, экинчиге – 10 миң, үчүнчү орунга 5 миң сом каралган.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 17.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.