Кыргыз манасчылары калмак фестивалына катышат

Кыргыз манасчылары Элистада (Калмакия) өтүүчү «Жангаранын тукумдарынын жергесиндеги дүйнө эпостору» аттуу Эл аралык фестивалга катышат. Бул туурасында кечээ «Интерфакс» агенттиги билдирди.

Фестиваль калмак элинин Россиянын составына киргендигине 400 жыл толгондугуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Фестивалдын программасында Россиянын 15 аймагынын, ошондой эле Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Франция, Норвегия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн айтуучулары өз чыгармачылыгын тартуулайт.

МА, «Кабар» МА, 20.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.