С. Кайыпов: Осмон түрктөрү Орто Азиядан чыккан

“Манас” университетинде “Осмон мезгилиндеги жана ага чейинки түрк маданиятынын Борбордук Азиядагы тамырлары” аттуу эл аралык симпозиум өтүүдө.

Аталган симпозиум жөнүндө Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыпов маалымат берди.

– Мурда өткөрүлүп жүргөн эл аралык илимий жыйындардан бүгүнкү жыйындын айырмасы эмнеде?

– Бүгүнкү жыйындын мурдакылардан айырмасы абдан чоң. Анткени Осмон мамлекетинин тарыхын, ошондой эле Осмон мамлекети курулгандан мурдагы Анатолиядагы түрктөрдүн тарыхын Орто Азия менен байланыштыра изилдеген жана ошону изилдеген адамдардын башын бириктирген бир конференция уюштурула элек болчу.

Эми бул эл аралык симпозиумда чет элден келген окумуштуулар Осмон мамлекетинин, анан Осмон мамлекетине чейинки Анатолийдеги түрк тарыхын Кыргызстан баш болгон Орто Азиядагы түрктөрдүн тарыхы менен салыштырып изилдейт. Эң негизги көз караш мына ушунда турат: Осмон мамлекетинин тарыхы, маданияты жана анын тамырлары Орто Азиядан чыккан. Ошондой эле түрк маданияты жана цивилизациянын бешиги болгон Кыргызстан менен түздөн-түз байланышта деген идеяларды чагылдырышы болуп эсептелинет.

– Кыргызстандык илимпоздордон кимдер катышат жана алар кайсы темада доклад жасашат?

– Кыргызстандан өтө көп окумуштуулар катышат. Мисалы университетибиздин профессорлорунан Анвар Мокеев, Олжобай Каратаев, доцент Дөөлөт Сапаралиев ж.б, 60ка жакын кыргыз окумуштуулары катышат. Алардын баардыгы азыркы кыргыз маданиятынын кээ бир түшүнүктөрүн, же болбосо кээ бир көрүнүштөрүнүн Анатолиядагы чагылдырышын изилдеген. Ошолордун жыйынтыктарын жалпы элдин сотуна коет.

– Буга чейин дагы Кыргыз-түрк Манас университетинде эл аралык бир катар илимий конференция, симпозиумдар өткөрүлүп келатканы маалым. Аларды өткөрүүдө өкмөт Билим жана илим министрлиги тарабынан каржылык жардамдар көрсөтүлөбү, же өзүңүздүн күчтөр менен өткөрөсүздөрбү?

– Буларды биз өзүбүздүн күчүбүз менен өткөрөбүз. Албетте, министрлик катышат. Министрликтин жетекчилиги менен иш жүргүзөбүз, бирок каржылоо жагынан алганда университет өзүнүн эле күчү менен өткөрөт.

Негизинен бүгүнкү күнү меймандар келип бүттүбү, 20га жакын мамлекеттерден илимпоздор келишет деген маалымат бар?

– Туура. Бүгүн кечинде биздин конокторубуз келип бүттү. Бүгүн саат тогузда конференциябыз ачылат. 100гө жакын киши катышып жатат, алардын ичинде абдан даңктуу окумуштуулар Жапониядан, көпчүлүгү Түркиядан, Германиядан, Америкадан. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген окумуштуулар бүгүн Кыргызстан менен Анатолия түрктөрүнүн тарыхын, маданиятын салыштыруу планында коюп атышат.

– Симпозиумуңуздар жакшы өтсүн, ишиңизге ийгилик.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 24.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.