Болот Миңжылкыев – дүйнөлүк ырчы эле

d0b1d0bcd0b8d0bdd0b6d18bd0bbd0bad0b8d0b5d0b2-1“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул чыгарылышында СССРдин, Кыргызстандын эл артисти Болот Миңжылкыевдин өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Италиянын Милан театры “Ласкалада” ырчылык чеберчилигин өркүндөткөн, дүйнөлүк операнын жылдыздары, италиялык ырчылар Капучили, Джани Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин чоң театрынын артисттери Ирина Богачева, Владимир Пьявко ж.б. менен ырдашкан Болот Абдылдаев (Абдулаев) Миңжылкыевдин арабыздан о,дүйнөгө сапар алганына быйыл 16-августта он эки жыл толду.

Мезгил зыкымдап учкан куштай канат сермеген сайын жүздөгөн угармандардын, окурмандардын, айрыкча азыркы жаштардын арасында дүйнөлүк ысымдагы ырчы Болот Миңжылкыев кайсы жерде туулган, ата-теги ким, азыр алардын кимиси бар, канча бир тууган, качан каза болгон деген собол байма-бай эле берилип келет. Өз кезегинде дүйнөнү дүңгүрөткөн залкар ырчы Болоттун атасы Абдылда (Абдула) Ысык-Көлдүн Тору-Айгырында туулган. Ал кыргыздын тунгуч геологдорунун биринен, геология-минерология илимдеринин кандидаты болгон. Абдылда 1969-жылдын 12-майында дүйнөдөн өткөн. Ал эми Болоттун энеси Бахруш (Тамара) Хасановна Баймурунова (Миңжылкыева) боордош казактын Талды-Курган облусунун Коңур-Өлөң кыштагында туулган. Бахруш апанын энеси татардын кызы, атасы казак, кесиби боюнча аскер кызматчысы болгон. Ал 1930-жылдан 1976-жылга каза болгонго чейин Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде иштеген.

Бахруш (Тамара) Хасановна 1938-40-жылдары кыргыздын музыкалуу драма (азыркы Абдылас Малдыбаев) атындагы Улуттук опера жана балет театрында бийчилик кесипте эмгектенет. Кийин ал Бишкектеги пединституттун география факультетин бүтүрүп, мектептерде мугалим, директор болуп иштейт. Ал 15 жашында Абдылдага турмушка чыгат. Балдарынын туну маркум Болот эле. 82 жаш курагында Бахруш апа жарык дүйнө менен кош айтышат.

Маркум Бахруш апага мындан 12 жыл мурда жолукканымда, ал уулу Болот кайсыл жылы, кайсы айда кандайча төрөлгөнү жөнүндө буларды айткан эле:

Болот Миңжылкыев 1 жашта, апасы Бахруш менен. 1941-жыл.– Бокенимди 1940-жылдын 23-апрелинде саат 12де ордо калаадагы азыркы Москва-Алымкул Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги биринчи төрөт үйүндө төрөдүм. Беш күн толготуп төрөдүм. Толгоом 18-апрелде башталды. Докдурлар баланы союп алабыз дешти. Төрөт үйүндө Миррахимович деген уйгур врач экен. Мени ошол төрөттү. Ошентип кыйналып жатып Бокенимди төрөдүм. Аны көргөндөр: – ой, бул бала чоңойгондо аябай бактылуу болот дешти. Салмагы 4 кг. 450 грамм эле. Узундугу 58 см. чачы капкара.Өзүңүз билесиз, мусулмандар тун баланы аябай эрке өстүрүшөт. Биз да баарыбыз Бокен, Бокентай деп аябай эрке өстүрдүк. Бокеним жайында көлдүн Тор-Айгырындагы чоң ата, чоң энесиникине баруучу. Кыргызча үйрөндү. Так сүйлөчү.

Болоттун балдай таттуу балалык чагы Улуу Ата Мекендик согушка туш келет. Ал ата-энеси менен жалпы жумурай журт көргөн турмуштун ачуу, таттуу күндөрүн башынан өткөрөт. Болот мектеп босогосун аттагандан орто мектепти бүткөнгө чейин орустун элдик ырларын, романстарын опералардан арияларды ырдайт.

Болоттун ыр дүйнөсүнөн бактысын ачкан алгачкы устаты, залкар хормейстр, эл артисти, маркум Султан Юсупов 1998-жылдын 30-октябрында мага берген маегинде Миңжылкыев жөнүндө буларга токтолгон:

– Болот Миңжылкыев эң бир адамкерчиликтүү, эң бир таланттуу инсан эле. 1957-жылы опера жана балет театрынын алдына студия ачылды. Болот жаңы ачылган студияга келип кирди. 18-20 жашта болсо керек. Жакшы окуп жүрдү. Бир күнү Болот мага келип – агай окубай эле коеюн деди. ошондо мен сен окубасаң болбойт, келечегиңди ойлогун. Үнүң абдан жакшы, келечегиң бар, – дедим. Болот менин тилимди алып окуусун таштаган жок. Эки жыл окуду. Окуусун бүткөндө театрда иштеп жүрдү. Анан Ташкенттеги консерваторияга окууга кетти. Азыр менин эсимде жок, консерваторияны 1966-жылы бүттү. Театрга келип иштеп калды. Москвага барды. Италиядан окуду. Болот абдан мыкты ырчы болду, анын үнүндөй үн жок. Ал кайсыл гана ырды, кайсыл гана арияны ырдабасын мыкты ырдоочу.

Ооба, учурунда Болоттун үнүндөй тунук, укулуктуу, мукам бас үн жокко эле. Ал өмүрүнүн акырына чейин ар кандай мезгилде жазылган опералардагы жүзгө жакын түркүн мүнөздөрдөгү башкы каармандардын кейипкерлерин көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүнө түбөлүккө жашай тургандай аваздык жана көркөмдүк бийиктикте аткарган. Болот опералардагы аткарган ролдорунун ичинен композитор М. Мусоргскийдин “Борис Годунов” операсынын баш каарманы Борис Годуновдун ролун бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип, эргип аткарган.

1997-жыл. 16-август. Санкт-Петербург. О, чиркин бири кем дүйнө! Кечээ эле Марин театрынын залын жаңырта ырдап, жадырап, жайнап иштеп жүргөн дүйнөлүк ысымдагы улуу опералык ырчы Болот Миңжылкыевди бүгүн көргөн эртең жок болуп, капилеттен таш боор ырайымсыз ажал алып кетет деп ким ойлоптур. Маркум Болот менен энеси Бахруша апа акыркы жолу качан сүйлөшкөнүн, суук кабарды алгачкы жолу кантип укканын минтип эскерген эле:

– Бокеним 15-августта эртең мененки саат 9да Санк-Петербургдан телефон чалды. Жап-жакшынакай күлүп: – “Мама, кандайсың. Красавица моя”, – деп мени менен тамашалашып куландан сопсоо сүйлөштү. 16-августта эртең мененки саат ондо Болот кайтыш болду деген суук кабарды укканымда мага өтө кыйын болду. Бишкекке сөөгү алынып келди. Марин театрынын башкы дирижеру М.Георгиев кошо келди. Бокемдин сөөгү коюуда кыргыз өкмөтү чоң жардам берди. Менин кайгымды кошо бөлүшкөн кыргыз элине, өкмөткө ыраазымын.

Ал эми Болот менен театрда бир топ жыл бирге иштешкен айтылуу ырчы, эл артисти Асек Жумабаев:

– Кыргызда “тууганың жакшы болсо көрө албайт, жаман болсо асырай албайт” деген накыл кеп бар. Аңсыңарындай кыргыздар, жетекчилерибиз Болоттун кадыр-баркын билбей, баалабай жүрүп өлтүрүп алды. Бая күнү президентибиз Аскар Акаев айтып жатпайбы, Болот мага келди эле, тигинтти эле, минтти эле, – деп. Болот өңдөнгөн талант, Болоттой адамкерчиликтүү адам туулбайт. Болоттун таланты, адамкерчилиги укмуш эле. Болот ушак деген менен таптакыр иши жок эле. Болот бүтүндөй өмүрүн ыр менен гана өткөрчү. Ырас, анча-мынча иче коюучу. Бир сөз менен айтканда Болоттун кадыр-баркын билбей тентитип жүрүп өлтүрүп алдык. Болбосо Болот өлбөйт эле. Болоттой ырчы дүйнө боюнча жок. Болот деген экинчи кайталанбайт, – деп күйүп-быша эскерген эле маркум Асек Жумабаев.

d0b1d0bcd0b8d0bdd0b6d18bd0bbd0bad0b8d0b5d0b2-111Болот Миңжылкыев дүйнөлүк ысымдагы ырчы классик композиторлордун ырларын, романстарын ажарын ача аткаруу менен бирге кыргыз композиторлорунун, обончуларынын ар кандай мазмуундагы лирикалык, патриоттук ырларын да ырдап, өмүр жаратып кетти. Ошондой ырлардын бири Нуркан Турсунбаевдин “Алтынчы күнү кечинде” аттуу ыры болду.

Бир кылымда бир жарк этип бир келген дүйнөлүк ырчы Болоттун ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн кыргыз жетекчилеринин маркумду коюп жатканда берген убадалары 12 жылдан бери аткарылбай келүүдө. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Миңжылкыевдин өмүрү, чыгармачылыгы ар тараптан иликтенбей, китептер жазылбай, ырчынын аткаруусундагы арилардын, ырлардын ауди, СД альбомдору чыга элек. 2000-жылдын май айында ырчынын туулган күнүнүн 60 жылдыгына карата Бишкекте опера өнөрүнүн Миңжылкыев атындагы биринчи эл аралык фестивалы өткөн эле. Тогуз жылдан бери башталган саамалык улантылбай унутта калды.

2010-жылы Миңжылкыев тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Ошондуктан маданият жана маалымат министрлигинин, опера жана балет театрынын жетекчилери эрте күндү кеч кылбай Болтттун мурастарын жыйноо, иликтөө, басып чыгаруу, музейин ачуу боюнча атайын жумушчу комиссия түзүп, азыртан ишке киришүүлөрү зарыл.

Балбай Алагушов, “Азаттык”, 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.