Жалал-Абадда IV республикалык театралдык фестиваль ачылды

27-сентябрда Жалал-Абад шаарында IV республикалык театралдык фестиваль ачылды. Иш чара СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгына арналган.

Фестивалга Кыргызстандагы областтык драма театрларынын чыгармачыл топтору бирден спектакль тартуулашты.

Кечээ фестивалды Т.Абдымомунов атындагы Кыргуз улуттук драма театрынын “Периштем менен 20 мүнөт” спектаклы ачты.

Ал эми Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад драма театры С.Раевдин “Таажы” спектаклын тартуулайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин басма-сөз кызматынан билдирди. Atcnbdfk 2-октябрь күнү жыйынтыкталат.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 28.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.