Жала-Абад шаарында IV республикалык театралдык фестиваль өтүүдө

Жалал-Абад шаарында белгилүү актер, СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдык мааракесине арналган IV республикалык театралдык фестиваль өтүүдө. Иш чара 27-сентябрда Жала-Абад шаарынын “Элдик революция” аянтында башталып, театралдык жүрүш менен коштолгон. Ага республикадагы 23 театрдан 10 катышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облмамадминстрациясынын басма-сөз катчысы Орозалы Карасартов билдирди.

Фестивалдын ачылышында театрдын жаралуу тарыхый учкай көркөм чагылдырылып көрсөтүлгөн. Анын ачылышына Жала-Абад областынын губернатору К. Масиров, маданият жана маалымат министринин орун басары Б.Айдаров, белгилүү актер С.Далбаев катышып, фестивалдын ишине ийгилик каалап өтүшкөн.

Иш чарага 10 спектакль катышууда. Калыстар тобуна Дүйшөн Байтөбөтов баш болгон адистер кирген. Фестивалды Т.Абдымомунов атындагы Кыргуз улуттук драма театрынын “Периштем менен 20 мүнөт” спектаклы ачкан. Ал эми Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад драма театры С.Раевдин “Таажы” спектаклын тартуулайт.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 02.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.