«Бийде сезим бар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыкты

Нарын облусунун 70 жылдыгынын мааракесине арналган мекемелер арасындагы «Бийде сезим бар» кароо сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Анда Нарын шаардык мэриясынын биринчи даражадагы дипломуна В.П.Чкалов атындагы орто мектеби, экинчи даражадагы дипломго Нарын мамлекеттик университети жана үчүнчүсүнө Нарын медициналык колледжи ээ болушса, баш байгени №4 Э.Ибраев атындагы орто мектеби алды. Ошондой эле Нарын облустук ооруканасы, «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалы жана шаардагы калган 5 мектеп мактоо баракчаларына татыктуу деп табылды. Мындан сырткары аталган гала концертти кыргыз эстрада жылдызы Бегимай Бекбоева коштоп берди. Аталган иш чара Нарын шаардык мериясынын демилгеси менен өткөрүлдү.

“Naryn.KG, 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.