Жазуучуну жердештери эскеришти

Өткөн аптада Сузак районунун Багыш айылында жазуучу, кыргызга белгилүү «Майдан» романынын автору Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгы майрамдалды.

Жазуучунун атындагы орто мектепте өткөн бул салтанатта жердештери жана окурмандар Узакбай Абдукаимовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кеңири соз кылышты. Ошондой эле, жазуучунун архивинен алынган экспонаттар – анын өздүк буюмдары, китептери, сүрөттөрү, гезиттерге жарыяланган материалдары коюлган көргөзмө менен да таанышып чыгышты. Ушул эле күнү жазуучунун үй-музейин уюштурууга каражат топтоо үчүн марафон да өткөрүлдү.

Өкүнүчтүүсү, бул иш чара жергиликтүү эле деңгээлде өтүп, ал эми республикалык деңгээлде эч нерсе сезилбегени болду. Кийинки жылы бүткүл республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 65 жылдыгы белгиленгени турат. Узакбай Абдукаимов ошол согуштун фронт талааларында төрт жыл бою болуп, кан майданды өз көзү менен көрүп келген.

Ошондой согуш апаатынын ичинде жүрүп, «Красная звезда» гезитине кабарчылык да кылган. Согуштан кийин Кыргызстан жазуучулар Союзунда котормочу болуп иштеп, орус классиктери Пушкиндин, Гогольдун, Толстойдун, Достоевскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошол котормолор бүгүнкү күндө да котормонун эң жогорку үлгүсү катары кабыл алынууда.

Ал өзүнүн эң башкы эмгеги болгон «Майдан» романын өмүрүнүн эң акыркы жылдарында жазып бүткөн жана ал роман 1961-жылы китеп болуп басылып чыккан. «Майдан» романы Кыргызстандын ошол кездеги адабий чөйрөсүндө бир топ талаш- тартыш жана дискуссия жаратты.

“Узакбай Абдукаимов реалисттик чыгарма жаратты”, – деп эскерет жазуучунун чыгармаларын изилдөөчү Садык Алахан өзүнүн “Узакбай Абдукаимов жана анын романынын айланасындагы талаш- тартыштар” деп аталган эмгегинде. Романды ошол кездеги адабий элита түшүнгөн эмес жана белгилүү жазуучулар Т.Сыдыкбеков, К.Бобулов жана жаш жазуучу Ч.Айтматов колдоого алынганы менен баари-бир аны четке кагышкан.

Аалы Токомбаевдин «Советтик Кыргызстан» гезитине жазган сын макаласы, ошол кездеги партиялык жетекчиликтин бул макала менен макул экенин айгинелегенсип унчукпай коюусу, «Майдан» романынын жана анын жазуучусунун жолун бууп салган. Роман чыккандан соң бир жылдан кийин жазуучу 54 жашында дүйнөдөн кайтат.

Согуш талааларынан репортаждарды, кабарларды жазып турган тайманбас согуштук кабарчы Узакбай Абдукаимов ушул романды жаратуу үчүн 20 жылын сарптаган.

Жазуучу кайтыш болгондон кийин 10 жыл өтүп, роман Фрунзедеги жана Москвадагы басмалардан массалык нускада басылып чыгып, Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү кыргыз романдарынын ичинен эң мыктысы болуп аталган.

Жазуучунун 100 жылдык маарекесине жана эстелигинин ачылышына арналган салтанатка билим берүүнүн облустук координатору Нуралы Абылов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Канышай Жусупова, жергиликтүү айыл округунун башчысы, башка дагы бийлик жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышып, жазуучуну эскерип сөз сүйлөө менен жазуучунун атындагы мектепке баалуу белектерин беришти. Жазуучунун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылып, ага гүлчамбалар коюлду.

Атасынын маарекесине атайын Бишкектен келген кызы Турсунай Узаковна салтанаттын катышуучуларына ыраазылык билдирип, Сузак районунун 90 жылдыгы менен жердештерин куттуктады.

1928-жылы курулган эски мектептин имаратынын ордуна жаңы имараттын курулуп жатышы, чыныгы элдик жазуучунун элесине эл тарабынан көрсөтүлгөн урматтоонун белгиси деп билебиз.

И.Ишанжанов, «Акыйкат» (“Аймак-news”)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.