Нурак Абдырахманов: Биз комузда кол ойноткондо чет элдиктер таң калат

Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун музыкалык фестивалдарга катышып, анда биз комузда кол ойноткондо чет элдиктер таң калышат. Мындай пикирин бүгүн “Нурактын күүлөрү” китебинин бет ачарында белгилүү комузчу, күүчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нурак Абдырахманов билдирди.

Анын айтуусунда, атайын фондго кыргыз элине таандык 1,5 миң күү жазылып калган. “Бул күүлөрдү жаздырып калуу саналуу гана адамдардын эмгеги. Алар болбосо 1,5 миң күүнүн жарымы да жазылбай калат беле.. Эми ошол күүлөрдү ноталаштырып, нотага түшүрүүдө да күүнүн кыраатын келтире черткен адамдардан жол-жобосун сурап, кийинки муун үчүн кагазга түшүрүп коюу керек”, – дейт Нурак Абдырахманов.

Белгилей кетсек, Нурак Абдырахманов ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканын чебери” сыйлыгынын ээси болуп саналат. Ал учурда “Ага-Хан” билим таануу борборунун көмөгү менен ачылган жаш комузчулардын “Устат-шакирт” мектебинде өз шакирттерин тарбиялап келет.

“Азыркы заманда жаштар сүйүп уккан, бардык жерде – мейли радио, телекөрсөтүү, автобустарда жаңырып жаткан ырлар комуздун көлөкөсүнө да татыбайт”, – деген оюн билдирди күүчү.

“Нурактын күүлөрү” китебинде автордун күүлөрү менен катар Токтогул, Карамолдо, Атай сыяктуу чыгаан чеберлердин белгилүү күүлөрүнүн Нурак Абдырахмановдун жаңыча аткаруусунда берилген. Китепте музыка мугалими Мастура Бердибекова тарабынан күүлөр жаңы ыкмада кагаз бетине нотага түшүрүлгөн.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.