Бишкекте “Китепке кайрылуу” деген аталыштагы акция өтөт

Республикадагы жаш жазуучулар жана акындардын “Ковчег”  демилгечилер тобу үстүбүздөгү жылдын 23-январь күнү “Китепке кайрылуу” деген аталыштагы акция уюштурат. Бул тууралуу топтун мүчөсү Сабина Рейнгольд билдирди. Анын айтымында мындай акция жаштар арасында китепке болгон кызгууну арттырат. “Китеп жан дүйнөнү азыктандырат. Биз жаштарга ушул нерсени түшүндүрүшүбүз керек. Атайын жолугушууларды өткөрүп ал жакта жаштар акыркы окуган китептери, басылмалар тууралуу ой бөлүшөт. Мындан тышкары бул жакта алар бири-бири менен китептерди алмашып окуганга да болот. Мындан тышкары демилгечи топ  Book Crossing процесссин киргизүүнү пландоодо”, – деди ал.

Book Crossing – китептин эркиндиги. Ар бир адам окуп бүткөн китебин коомдук жайларда кафе, сейил паркы, коомдук транспорттордо калтырып кетет. Ал жактан бул китепти алган адам окуп бүткөндөн соң кайрадан башка жакка калтырат. Китеп бир адамдын китепканасында, китеп шкафынын текчесинде турбашы керек. Бул процесс үзгүлтүксүз жүрүп туруусу зарыл. Бүгүнкү күндө мындай процесс Европа жана алыскы чет өлкөлөрдө кенен жайылган. Интернет баракчаларына бул процесс тууралуу запрос берсең – окурмандар Book Crossing аркылуу кызыктуу китептерди окуп чыккандыгын, ал эми жолугушууларда бири-бирин тааныбаган адамдар бир чыгарманы талкуулаганы, ар кыл ойлор айтылгандыгы барынан кызык экендигин жазууда.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 18.01.2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Бишкекте “Китепке кайрылуу” деген аталыштагы акция өтөт

  • 23.01.2015 at 11:24
    Permalink

    жакшы уюштуруп коюптурсунар, бул тажрыйбаны элге синириш керек деп ойлойм. Бул бирок акырындык менен элдер конот деп ойлойм, азыркы учурда жаштардын копчулугу кулактарына наушник салып алышып музыка угуп, китептен кабары жок болуп бараткандай. Китеп окуу башка анын ичиндеги каармандардын образы озунчо эле жан дуйноно синип кошо курошосунда.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.