Бардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат

Мындай маалыматты КРнын транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов айтты. Электрондук өкмөт түзүү боюнча мындан 15 жыл мурда эле тиешелүү пландар түзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Ошондуктан, КРнын Өкмөтү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына республикадагы ар бир айыл өкмөтүн Интернет байланышына туташтыруу боюнча тапшырма койгон.

“Бүгүнкү күндө “Ар бир айыл өкмөтүнө Интернет” деген Программа иштелип чыкты. Анын алкагында республикадагы бардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат. Учурда өлкөбүздө 459 айыл өкмөтү бар. Биз азыр бул тапшырманы аткаруу үчүн 600 компьютер сатып алууну чечтик. Анткени, ар бир айыл өкмөтүндө Интернет болбосо, анда биз электрондук өкмөттү түзө албайбыз. Ошондуктан алгачкы аракеттер айыл, райондордун чегинде ишке ашырылып, андан ары республикалык деңгээлге көтөрүлөбүз”,-деди Н.Сулайманов.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.