“Көк бөрү” федерациясы түзүлдү

Областта “Көк бөрү” федерациясы түзүлүп, анын алгачкы конференциясы Каракол шаарында өттү. Көк-бөрү – ата-бабалардан бери келе жаткан салттык оюндарынын бири. Демек, Көл кылаасында “Көк бөрү” федерациясын түзүү боюнча көтөрүлгөн демилгени колдоо гана керек.

Улуттук бул оюнду жандандыруу зарыл, аттын кулагы менен тең жарышкан балбан билек жигиттердин күчү кандай, алар элдин калыс сыноосунан өтүүгө тийиш. Бир гана өтүнүч түзүлгөн бул федерациянын боосу бекем болсун деген ой-тилектер айтылган конференциянын соңунда областтык ички иштер башкармасынын начальниги, милициянын полковниги Эркин Эсеналиев “Көк бөрү” федерациясынын областтык президенти болуп бир добуштан шайланды. “Көк бөрү” федерациясынын түзүлгөндүгүн элге толук маалымдоо максатында Каракол шаардык ат майданында областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган улуттук бул оюндун экинчи ачык биринчилиги өтүп, кыштын ызгаар суугуна карабай мелдеш катуу болду. Мыкты командалар алды 20 миң, арты 5 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Демилгечилердин деми суубасын деген ой-тилекте акимдер демөөрчүлүк көрсөтүштү. Ысык-Көл районунун акимчилиги 1 тай, 1 коюн жетелеп келди. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги да акчалай колдоо көрсөтүштү.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.