“Калем”: Сүйүү ырлары

Сүйүү темасы жаш акындардын чыгармачылыгында өзөктүү багыттардан болуп саналат.

Афина Бакирова – акын, “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын” деп аталган поэтикалык жыйнактын автору.

Сезим сыры…
Мени менен сен бактылуу бологой,
Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.
Капам өчүп, күйөт кайра көңүлдө,
Айнектейим, адаммын мен жаралуу.

Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?
Канааттануу – бактысы экен тирүүнүн.
Мен мээримге канбай калгам, себеби…
Чырактайым, ушу менин түйүнүм.

Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,
Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле.
Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,
Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?..

Мен бактысыз болбой жаштык барынан,
Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө.
Ажыратпай мени ыйык тагыман
Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ?

Жаншоолам
Жаншоолам, бүгүн-эртең казыларсың,
Тирүүмдө ээлеп алган жайым болуп.
Маңдайга аза болуп жазыларсың
Баамчыл бир-экөөнө дайын болуп.

Жаншоолам, бүгүн-эртең жоктолорсуң,
Кептердей көздөрүмдө учуп-конуп.
Ээн калган мекенимдей оттолорсуң,
Эркинче жүргөн жанга койнуң толуп.

Жаншоолам, бүгүн-эртең сыйланарсың,
Капшытта жаткан сөөктүн зыйнатындай.
Мен сындуу кайра баштан сырдаларсың,
Сынарсың… кыздын көпкөк сыргасындай.

Мирлан Самыйкожо, “Жүрөккө түшкөн чагылган” деп аталган поэтикалык жыйнактын автору, жаш акын.

Сүйүү – жетим
Бирди эмес, беш- алтыны сүйгөнбүз,
Бирге эмес, беш жалынга күйгөнбүз.
Баарын бирге башыбызга көтөрүп,
Бар балээни башыбызга үйгөнбүз.

Жалындары койгон бизди куйкалап,
Жаш жүрөктү жүдөтүшкөн уйпалап.
Азыр бирок адашканмын сүйүүмдөн,
Анан бирин таппай келем сыйпалап.

Жүрөк бирөө а бирок, көңүл чексиз,
Көптү сүйгөн күнөө эмес, сүйүү кексиз.
Кек кармаба карындаш, шегим ошол,
Сүйүү- жетим, билип кой ата тексиз.

Алтынай Ормотоева, жаш акын

Жолдор
Жолдор жатат дене бою суналып,
Күбөсү жок күткөнүмдү сезишет.
Сезимдерим убакытка уурдалып,
Боз чаң басып, боз тукаба кийишет.

Сендик болуп кеткен аруу сезимдер,
Сезимдердин тогошушун күтүшөт.
Унута албай улутунуп кыйналып,
Удургуган борошодо жүрүшөт.

Үмүт учуп желге айланып жер кезет,
Жолдор мага жообун айтып кезигет.
Муз төшөнүп, кардан жаздык жазданып,
Күтүүм чарчап, кайгым сынып мертинет.

Жароокерим, кыш артынан жаз келет,
Жолугабыз, жолдорубуз биригет!..
Жараланган сезимдерге жаза жок,
Жаңылууга кечирим бар бир ирет…

Жаш акын жана журналист- Мелис Совет уулу

Сыя челек кылып коюп жүрөгүм,
Сага арнап ырлар жазып киремин.
Санаа оюм сенде жүрөт дагы эле,
Санаалашы болсом деле бирөөнүн.

Кол кармашпай коштоштук биз түбөлүк,
Кош кол менен сүйүү жолун бүтөдүк.
Карегимден жаш ордуна кан агып,
Кайран жүрөк жүз тирилди, жүз өлүп.

Айбек Абдылдаев- жаш акын

Жарык жакпай жаттым түндөсү,
Үмүт өчүп, турду терезем.
Кимге өчөшүп, кимге түнөрүү,
Ызаам, сүйүүм, кусам теңме- тең.

Жыйылбаган ойлор, бир түйдөк,
Көөдөнүмдү кагат ак уруп.
Муз дубалдар дуба, ак уруп,
Чарчоо сезим түнгө жуурулуп.

Саат какса мээде жаңырып,
Көңүлүмө чөгөт жалгыздык.
Туткунунда түндүн камалып,
Жарык издейт алсыз арсыздык.

Жарык жакпай жаттым түндөсү,
Терезем да турду буулугуп.
Бир түпөйүл ээлеп жүрөктү,
Чарчоо сезим түнгө жуурулуп.

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 17.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.