Н. Балтабаев: Кыргызча сөздөрдүн 3-4 пайызы фарсы тилинен кирген

623A4F59-D00C-4DBD-AADE-620E5365845E_mw800_mh600Өткөн жылдын этегинде көлөмдүү, отуз үч миң сөздүү кыргыз-фарсы сөздүгү жарык көргөн. Аталган сөздүктүн автору, чыгыш таануучу Нурланбек Балтаев “Азаттыкка” маек куруп бул эмгегин жаратууга он үч жыл сарпталганын айтып берди.

Нурланбек Балтабаев: – Негизи ар бир китеп же илимий иш кандайдыр бир максатты көздөп жазылат эмеспи. Окуп жүргөндө кээ бир студенттер орус тилинен кыйналышчу. Эмне дегенде баардык окуу китептери орус тилинде жазылган. Колдонмо куралдарды баардыгы тең орус тилинде же англис тилинде же башка тилде болчу.

Бизде чыгыш таануу илими 91-92-жылдары башталды деп айтсам болот. Албетте андан мурда окумуштууларыбыз Орусия, Украина же дагы башка мамлекеттерден билим алып келип атышкан. Бирок баардыгы орус тилинде болчу. Окуп жаткан студенттердин көпчүлүгү айыл жергесинен келгендиктен, мен өзүм да айыл жергесинен болгондуктан ар кандай кыйынчылыкка дуушар болосуң. Мисалы кээ бир терминологияны түшүнбөйсүң, же болбосо грамматика бүт орус тилинде. Ар бир тилдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар да. Ошого жараша аны өзүңдүн тилиңе которуп бүткүчө кээде түшүнө албай каласың, кээде артта каласың. Көп балдар-кыздар ушундай кыйынчылыктарга туш болушту.

Ошол убакта мен сөздүк жазуу боюнча максатымды түптөй элек болчумун. Экинчи курсту бүтүп айылга барганда таятам жаңыдан арап тилин үйрөнө баштаган экен. Ал мага “арап арибин окуй аласыңбы?”, деп сурады. “Ооба”, дедим. Менин таятам деле орус тилин жакшы билет, бирок сөздүктүн баардыгы арап тилинен орус тилине, же орус тилинен арапча же өзбекче котрулган экен. Ал убакта куран үйрөнөм деп, куранды транскрипциясынан эмес, курандын өзүн окугусу келгендер көбөйө баштаган. Ошондо таятам мага “эгерде сен мага окшогон кыйналып жаткан инсандарга жардам берем десең, анда бүгүндөн баштап бир сөздөн болсо да которууга аракет жаса. Бир канча күндөн кийин бул жыйнак болуп чыгып калат”, деген эле. Бул 97-жыл болчу. Эмнеге болбосун, жазып койсом болот деп күндө ошентип жыйнап-жыйнап келип окууну бүтөөрдө сөздөр беш миңге жакын топтолуп калды.

“Азаттык” – Сиз бул сөздүктү түзүүгө он үч жыл жумшадым деп айттыңыз. Иштеп жатканда кандайдыр бир кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болдубу?

Нурланбек Балтабаев: – Негизи которууда курал-жарактын болбогону кичине кыйынчылык туудурду. Өзүңүз билесиз, китептер мисалы орус тилинде. Биздин орус-кыргыз сөздүгүбүз 67-69-жылдары жазылган. Бүгүнкү күндө биздин сөз түзүмүбүздү карап көрсөк, абдан өзгөрдү. Көп жаңы сөздөр кирген. Мен ар күнү бирден жаңы сөз кирет деп айтсам жаңылышпайм. Бир сөз жок болот, бир сөз пайда болот. Тирүү организм сымал тил деле өзгөрөт.

Андан сырткары тажрыйбанын жоктугу да кичине кыйынчылык жаратты. Кимдир бирөөлөргө барсам, ал орус, кыргыз тилин жакшы билет, бирок фарсы тилин, ал сөздүн кандай маани берерин билбейт. Ал убакта фарсы тилин билген бир-эки эле адам бар болчу. Анан убактыттын аздыгы, тардыгы жолтоо болду.

“Азаттык” – Сөздүктү жазып жатып, өзүңүзгө кандайдыр бир ачылыштарды жасай алдыңызбы?

Нурланбек Балтабаев: – Башында айтып кеткендей, ар бир иштин максаты болот. Менин максатым – бир канча сөздү которуу, которуп эле тим болбостон анын колдонулушун, варианттарын, анын маанисин берүү эле. Мисалы бир сөзгө омонимдер, синонимдер бар. Сөздөрдү которуп маани берүү, аны сүйлөмдө колдонуу, сөз айкаштарында колдонуу маанилүү болду.

Дагы бир ачылыш – өзүмдүн эне-тилимди жакшы биле баштадым. Эне-тилди билүү – бул адамдын эң негизги вазыйпасы. Өз эне тилиңди жакшы түшүнсөң, өзүңдүн табиятыңды жакшы түшүнсөң, андан кийин башка маданиятты, башка улутту, башка цивилизацияны толук түшүнө аласың.

“Азаттык” – Кыргыз тилинде сөздөрдүн канча пайызын фарсы тилинен кирген сөздөр түзөт? Анан четтен сөздөрдүн бир тобу Улуу Жибек жолундагы соода-сатыкка байланыштуу кирген деп айтылат.

Нурланбек Балтабаев: – Бүгүнкү күндө менин оюмча, башка тилден сөз кошулбаган тил жок болуш керек. Ушундай тез өнүгүүдө, кайсы бир мамлекетте жаңылык, же ачылыш болсо ошол өлкөнүн тили менен гана кирип калып жатпайбы. Азыр фарсы тили деп атабыз, мен турараак айтсам иран тилдеринен бүгүнкү күндө отузга жакын тирүү колдонулуп жүрөт. Ошол тилдерден кыргыз тилине кирген сөздөр үч-төрт пайызды түзөт десем жаңылышпайм. Албетте мен өзүмдүн сөздүгүмдө фарсы тилинен, же иран тилдеринен кирген сөздөрдү белгилеп өткөм, белгиси бар.

Андан сырткары арап сөздөрү да иран тилдүү элдер аркылуу кирген. Анткени ислам дининин тарашы менен, ислам философиясында колдонулган терминдер да кире баштаган. Мисалы азыр эле айткан “вазыйпа” деген сөз арап сөзү иран тилдери аркылуу кирген. Араптар өздөрү келип тараткан эмес, иран тилдүү элдер аркылуу ислам дини таркаган.

Андан сырткары биз көчмөн калк эмеспизби. Биздин мисалы кыргыз тилибиздеги боз үй жана анда колдонулган буюмдар башка тилде жок. Эми казак тилинде, же дагы башка түрк тилдүү элдерде болушу мүмкүн. Бирок ирандыктарда андай сөздөр жок. Ошондуктан биз көчмөн болбой отурукташкандыктан курулуш тармагындагы сөздөр, бул тармакта колдонулган жаңы сөздөр да кире баштаган.

D0B0F87E-858B-4FDC-8AF0-6CD39EC6D31F_mw800_sМисалы “такта” деген сөз фарсы тилинен кирген, “жыгач” дегенди билдирет. “Мык” деп айтабыз, аны да фарсы тилинен алганбыз. Сиз айтып өттүңүз, Улуу Жибек Жолу аркылуу соода-сатыкка байланыштуу киргенби деп. Менин оюмча соода-сатык – бул бир гана элемент, фактор. Негизгиси – маданий байланыш түзүү.

Элдер бири-бирин маданият жактан тааныбаса, түшүнбөсө анда соода-сатык жүрбөйт. Мисалы биздин эң айтылуу “Манас” эпосубуз бар, ал биздин байлыгыбыз, биздин кенчибиз. Биздин бүт философия, маданиятыбыз эпосто чагылдырылган. Мен Сагынбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин варианттарын окуп чыгып кайсынысында фарсы, иран сөздөрү көп деп иликтедим. Ошол жерде деле Каныкей энебиз иран тилдүү элдерден экенин ал жакта колдонулган сөздөрдөн билсе болот.

Мисалы бизде “датка” деген сөз бар. Биз Курманжан датка деп айтабыз. Ал эмне деген сөз. Азыркы сөз менен айтсак “жактоочу” дегенди түшүндүрөт. Бирөөнүн талабын жактайт. Мисалы бирөө бирөөдөн сокку жеген болсо ал келип даткага айтат. Мындайча айтканда хан менен элдин ортосундагы ортомчу. Элдин кыйынчылыгын, маселелелерин, болгон түйшүгүн ханга жеткирип туруучу, элге кызмат кылган инсан болгон.

“Азаттык” – Азыр технологиялар өнүккөн заманда кээ бир терминдерди кыргызчалаштыруу маселеси көтөрүлүп келет. Айрым терминдерди которууга кыргыз тилинин өзүнүн күчү жете бербейт деп айткандар да бар. Анан ошол эле кезде түрк тилдүү элдер которгон айрым сөздөр кырыз тилинде да колдонулуп жүрөт. Мисалы “учак” деген сөздү алалы. Анын айтсаңыз, кайсы бир терминдерди которгондо балким фарсы тилинин жардымын колдонууга болоттур? Балким ал сөз которулса, элге сиңип кетсе эмнеге болбосун?

Нурланбек Балтабаев: – Сурооңузга жооп берерден мурун, бир нерсени айтып өтүшүм керек. Иран мамлекети өзүнүн жети миң жылдык цивилизациясы бар. Өзүнүн абдан бай маданияты бар. Бул эмне үчүн? Бул – эл өзүнүн тилин, жерин сүйгөндүктөн.

Бир окумуштуу кыргыз тилинде түпкү тамырлуу он миң гана сөз бар деп айтып калды. Менин оюмча, бул –абдан чоң жаңылыштык. Иранда мисалы тил боюнча институт эмес, академия бар. Тил жана адабият академиясы деп аталат. Ал жерде жана айтып кеткендей күнүнө пайда болгон, же жоголгон сөздөрдү, андан сырткары илимий-технологиялык кыймыл-аракеттерге жараша кирген жаңы сөздөрдү иликтеп, сөз пайда кылып, элге кеңири жайылтуу менен алектенишет.

Бизде да сөз пайда кылса болот. Сөздөрдү айкалыштырып, же кандайдыр бир мүчөлөрдү кошуу аркылуу жасаса болот. Ал жөн гана техникалык проблема. Чоң проблема – бул аны элге жайылтуу. Мисалы үналгы, сыналгы деп айтабыз. Эгемендүү мамлекет экенибизди сезе баштаган жылдары сөз пайда кылуу аны жайылтуу аракеттери башталды эле. Менин оюмча кабыл алуу процесси деле жаман болгон эмес. Кээде мисалы “телевизор” деп айтсак толук маанини түшүнөбүз. Мисалы “технология ” деген сөздү орус тилинен эмес, англис тилинен ала турган болсок, анын баардык маанилери менен кошо алышыбыз керек. Технология саясатта, экономикада колдонулат, башка өнөр жай, социалдык тармакта колдонулчу сөз. Эгерде технологияны бир сөз менен которуп, бир эле маанисин алып калсак, албетте бул сөздүн мааниси кемийт.

Мисалы кыргыз тилиндеги бир эле сөздү, айталы “нанды” алып көрөлү. Кыргыз тилинде нан деген сөз төрт-беш маани берет. Нан деген – үй-бүлө, нан деген айлык, нан деген ошо өзүңдүн жасап жаткан ишиң. Эгер нанды бир сөз менен которуп койсоң ал ошол эле мааниде колдонулуп калат. Анда ал сөздүн мааниси кемийт. Бирок бизде жаңы сөз пайда кылууга шарт бар. Эмне үчүн башка тилдер пайда кыла алат, а биз пайда кыла албайбыз.

Юдахинге чейин эч ким кыргыз сөздүгүн чыгарбаптыр. Эми Карасаевдин түшүндүрмө сөздүгү жана башка адистешкен кыскача сөздүктөр бар. Бирок тилди башка тилге которуу деген бул өзүбүздүн сөз түзүмүбүздү калыпка салуу, андан кийин жаңы сөз менен толуктоо болуп саналат. Азыр Кусеин Карсаевдин жаңы сөздүгү, кайрадан чыкты дейт. Анда алтымыш миңден ашык сөз бар дейт. Буюрса мен да ошол сөздөрду кошуу менен сөздүгүмдү кеңейтем деп ойлойм.

Башка тилдерди эле үйрөнө бербестен, кыргыз-тилин да жайылтууга аракет жасаш керек. Ошондой байланыш аркылуу башка сөздү кабыл алууда да жаңы сөз пайда кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Азаттык” – Азыр Кыргызстанда “халал” деп колдонула баштады. Ал эми кыргызча ал “адал” деген эле сөз да? Муну да жаңы сөздөрдү кабыл алуу деп атаса болобу?

Нурланбек Балтабаев: – Кыргыз тилинде “х” тамгасынан башталган сөз жок. “х,в,г” тамгаларынан башталган сөздөр жок. Бул башка тилден кабыл алынган сөздөр. Фарсы же арап тилинде үч түрлүү “х” бар. Үчөөнүн тең айырмасы чоң. Ар бир тамга маани берет. Бизде “халал” сөзүнүн “адалга” айланышы бул тарыхый процесс. Бизде мисалы сингармониялык мыйзамбыз бар да. Бул да таасир берген. Сөздүн мүчөсүндө кандай үндүү тамга болсо, ошондой болуп бүтө берет. Мисалы фарс тилинде сингармонизм жок. “А” менен башталса “о, е” менен деле бүтө берет. Арап тилинде өзүнүн мыйзамдары бар. Бирок биз сөздөрдү кабыл алганда баарыбир өзгөрөт. Ошондуктан “халал” менен “адалдын” айтылышы боюнча айырма болгону менен мааниси жактан эч айырма жок.

“Азаттык” – Сиз өзүңүздүн билимиңиз тууралуу айтып бересизби. Чыгыш таануу илимин кайдан кантип окудуңуз?

Нурланбек Балтабаев: – Мен Бишкек Гуманитардык университетин бүтүргөнмүн. Чыгыш таануу эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсүмүн. Андан сырткары буюрса экономика факультетин да бүтүрүп жатам. Негизинен көбүнчө фарс тилине, маданиятына көңүл бургандыктан көбүнчө Иранда билимди жогорулатуулардан өтүп келгем.

“Азаттык”: – Маегиңизге чоң рахмат.

Элеонора Бейшенбек кызы, “Азаттык”, 04.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.