Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү

Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү. Бул туурасында бүгүн АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы Франция элчилигинин кызматташтык жана маданият боюнча атташеси Шарлотта Урбэн билдирди.

Сөздүктүн бет ачары Кыргыз улуттук университетинде 12-мартта Франкофония жумалыгынын алкагында өтөт.

Бул эмгектин үстүндө иштөө 4 жылга созулган. Сөздүктө 15 миң сөз камтылган жана 440 барактан турат. Сөздүктүн авторлору — М.Акчекеева жана Н.Турганбаев.

Ш.Урбэн белгилегендей, келечекте кыргыз-француз сөздүгү да түзүлүшү мүмкүн.

“Кабар” МА, 10.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.