22-мартта “Азур” басмаканасы негиздеген “Балдар китеби – 2009” премиясын тапшыруу аземи өтөт

22-мартта “Балдар китеби – 2009” аттуу адабий премияны тапшыруу салтанаты өтөт. Премия эки номинацияда тапшырылат: поэзия жана чакан проза. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдирет.

Салтанат Бишкекте К.Баялинов атындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында (мурдагы Чернышевка) саат 11:00дө башталат.

Белгилей кетүүчү нерсе, аталган премияны “Азур” басмаканасы негиздеген. Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу 2009-жылдын 1-октябрынан 28-декабрына чейин жүргүзүлгөн.

Сурап билүү телефону: +996/ 312/ 57-84-42.

Эл. дарек: azur.office@gmail.com

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.