Бишкекте “Өлкө жана мамлекет” документалдык долбоорунун бетачары өтөт

“Өлкө жана мамлекет” документалдык долбоорунун бетачары Бишкектеги Кино үйүндө 19-мартта өтөт. Иш-чараны уюштуруучу катары «Ковчег» продюсердик компаниясы чыгууда.

Алардын айтымында, “Өлкө жана мамлекет” долбоору өз алдына негизги эки милдетти койгон, жаш кинематографисттерди колдоо жана кыргыз документалдык киносун өнүктүрүү.

“Жаш кинематографисттерге колдоо көрсөтүү туралуу сөздөр көп болот, бирок чыныгы жардам бергендер аз. Долбоор 5 авторго документалдык кинодо өз атын чыгарууга жардамын тийгизе алды. Натыйжада 5 тасма жаралып, заманбап кыргыз чындыгын чагылдырган 5 көз-караш жаралды. Анда жаш авторлор өз мекенин сүйүү жана кабатырлануу сезими менен сүрөттөшкөн”, – деп айтылат билдирүүдө.

«Кабар» МА, 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.