Султан Раев дүйнө жүзүндөгү мыкты деген 7 драматургудун катарына кирди

 

Кыргыз драматургу Султан Раев ВВС компаниясынын пикиринде дүйнө жүзүндөгү мыкты деген 7 драматургдун катарына кирет. “Кабар” МА билдиргендей, аталган компания «Seven wonders of the Divided World» деген музыкалдык диск чыгарып, ага, ВВСнин баамындагы, 7 мыкты делген радиоуктуруулар киргизилген. С.Раевдин “Акыркы керээз” деген пьесасы дискти ачат.

Кыргыз драматургунун англис тилине которулган радиоуктуруусу британ радиосунун эфирине алгач 2007-жылы чыккан. С.Раевден сырткары дискке DJ Britton, Rony Kilalea, Thomas Crowe, Natalia Power, Anson Jae, Peter Morgan аттуу драматургдардын чыгармалары кирген.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.