“Балдар чыгармачылыгына көңүл бөлөр бийлик болор бекен?”

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын алдында КМШ өлкөлөрүнүн бир катар атактуу ырчылары Бишкекте жана Чүй аймагында согуш темасындагы ырлардан турган концерт коюшат. Учурда Екатеринбургда балдардын эл аралык бий сынагында жүргөн “Шаттык” бий тобу экинчи орунга жетишти.

Белгилүү кыргыз бедизчиси, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Садабек Гадиев өзүнүн ташка чегилген бир канча эмгектери менен май айында Түркиянын Анкара шаарында өтө турган дүйнөлүк бедизчилердин өнөрканасынын жыйынына катышат. Бул тууралу Маданият агенттигинин басма сөз жетекчиси Мамасалы Апышев билдирди.

Ошондой эле Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүнөн белгилүү артисттердин келиши күтүлүүдө. Мамасалы Апышевдин билдиришинче, орус артисттери согуш темасындагы чыгармалардан турган чоң концерт тартуулашат. Биринчи Улуттук филармонияда, андан кийин Канттагы орус аскер базасынын аскер кызматкерлерине жана Чүй облусунун тургундарына концерт коюшат. Бул концерт 18-20- майда болот.

Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан балдардын эл аралык бий сынагынын күндөрүндо жүргөн Кыргызстандын “Шаттык” балдар бий тобу бул эл аралык сынакта экинчи орунга жетишкенин кабарлады “Азаттыкка” топтун жетекчиси Сырга Латыпова. Бул сынакта биринчи орунду молдовандар, экинчи орунду Кыргызстан, үчүнчү орунду Америка алыптыр.
Эми Америка, Германия, Орусия өңдүү мамлекеттердин бийчилеринин арасынан экинчи орунга жетишүү, менимче оңой эмес”, – деди Сырга Латыпова.

Учурда ошондой эле  “Шаттык” балдар бий тобунун катышуучулары Түркиянын Анкара жана Дидим шаарларындагы эл аралык сынактарга катышып жүрүшөт.  Ал эми жакын арада “Шаттыктын” дагы бир тобу Стамбулга “Түрк дүйнөсү” майрамына жөнөйт. Андан кийин “Шаттык” ансамблинин дагы бир бий тобу Украинага жана Арменияга чыгармачылык сапар алат.

Кыргызстандын көркөм өнөрүн алыска таанытып, дүйнөлүк фестивалдарда көптөгөн алтын медалдарды жеңип алган “Шаттык” балдар бий тобуна эгемендиктин 20 жылдай мезгилинде өкмөт тарабынан эч кандай жардам болбоду.

Сырга Латыпованын атайын “Азаттыкка” билдиришинче, чет өлкөлүктөр кызыгып суктанган кыргыз улуттук кийимдеринин жана барыш-келиш чыгымдарынын каражаттарын ата-энелер жана топтун жамааты өздөрү көтөрүп келатат.

Андыктан Сырга Латыпова  кыргыз маданиятына, көркөм өнөрүнө анын ичинде өзгөчө балдар чыгармачылыгына көңүл бөлө турган бийлик деги болор бекен, болсо деги качан деген таризде агынан жарылды:
Балдарга бир көңүл бөлүү жок. Биз бир фестивалда 23 алтын медаль жеңип алганыбызда да, өкмөттөн бирар-жарым бирөө “ийгилигиңер менен” деп койгонго жарабады. А балдар деген балдар, аларда ар бир чыгарма алдында кандай гана санааркоо болбойт дейсиз. Ошентип, Кыргызстандын атын чыгарып, жеңиш менен кайтып келатышса да, деги бир киши тосуп алып же теледен, же гезиттен чыгарып коюшпайт. Бүгүнкү күндө баары акча болуп калды. Эми балдардын Кыргызстан үчүн утуп келген жеңишин да телеге, гезит-журналга акча менен чыгарышыбыз керек экен?  Балдарга деги көңүл бурбай калдык. Менин оюмча, ошондуктан да биздин ишибиз оңолбой келатат. Деги балдар чыгармачылыгына көңүл бөлөр бийлик болор бекен, Кыргызстанда?

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 04.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.