Молдаалы калпанын айтымчылыгы. Аракбай кут

(Башталышы өткөн сандарда)
“Замандын эмнесин сурайсың? Батыш жагыңда өрт күйүп атат. Эмдиги жылы согуш болот. Согушка сенин да балаң кетет, менин да балам кетет”, – дейт иниси. “И анан эмне болот?”. Ал киши өлгөндөн аябай коркчу экен. “Бири келет, бири келбейт”. “Ананчы?”. “Согуштун экинчи жылы сен өлөсүң. Мен өлмөк элем, бирок сен өлөт экенсиң. Анан эки жылдан кийин Калмурат менен Кочкор өлөт”, – дейт. “Ий!”, – деп камчысын ала калып, жонго чаап жиберет агасы. Тиги киши ыйлайт. “Сурабашың керек эле, сурагандан кийин айтпасам болбойт. Болду, назарым сынып калды, эт арам болуп калды”, деп жеңеси жалынса да болбой, ашты күтпөй кетип калат.

Атайга келип, Субан дегендикине конмокчу болот. Жолдо баратканда шатыратып жамгыр жаайт. Аркасына учкашып келаткан баласы артын карамакчы болгондо, кылчайба деп, үйгө келсе, баласы шалбыраган суу, өзү эч нерсе болгон эмес.

Мен ал кишинин түбүн ичип калдым. Баласы менен жакшы теңтуш элем, ал согуштан аман-соо келген. Баласын ээрчип алардыкына барам, мени жакшы көрүп табагынын түбүнө эки-үч кашык тамак калтырып коюп мага берет. Байбичеси: “Сейтаалыга бербейсиңби”, деп баласын айтса, “Сейтаалыга берип бүткөм, мобу балам бактылуу болсун” дечү. Сейтаалы былтыр 86 жашында өлүп калды, менден үч жаш улуу эле. Сейтаалынын согуштан аман келгенин айтып берейин.

Молдаалы согуш болоорун бир жыл мурун айтып атат. “Кокуй, баягы акмактын айтканы чыгып калды” деп агасынын күйбөгөн жери күл болот. Айткандай эле, агасынын Асанбек деген баласы, өзүнүн баласы Сейтаалы бир жөнөп калат. “Мен барбайын, – дейт баласына, – берки акем Жалал-Абадга чейин узатат. Жолдон кимиң катуу оорусаң, догдурга барбагын, эки-үч күн жатып айыгасың”. Жүрүп отуруп Алматыга келишет. Эртең согушка жөнөйт деген күнү өз баласынын кол-буту шишип, баса албай калат. Асанбектерди поюзга салып алып кетет. Аны ооруканага алып бармай болушат, атасынын айтканы менен барбай коет. Үч күндөн кийин өзү айыгат. Москвага кетет. Байланыш түйүнүнө байланыштуу кызматка кирет. Ошентип, 1946-жылы эч бир жарадар болбой аман келди. Асанбек фронтко кетип, набыт болду. Молдаалы калпа өзү 1953-жылы өлдү. “Акмак, атаң экөөң Асанбекти өлтүрүп, эки баланы жетим кылгансың” деп тамашалай берчүмүн Сейтаалыга. “Ой койчу, балдар укса чын көрбөйбү”.

Молдаалы дароо бирөө эмне болот дегенге айыгат десе, айыкчу. Камына бергиле десе, өлчү. Менин досуман кийин Абдылда дегенинде бул касиет аз-аз бар болчу. Молдо болуп жүрүп өлдү. Баланчанын аялы төрөбөй жүрөт десе, келсинчи деп, келсе, оозуна түкүрүп туруп: “Баланча молдого барып окутуп алсаң төрөйсүң”, – дечү. Төрөбөй турган болсо, “Мага келбей эле койсун”, – деп дароо көргөндөн баш тартчу.

Адам тагдырын айткан Аракбай
Айылда жакын агаларыбыз бар болчу. 1953-жылга чейин колхоздо актив болуп жүрүп, кийин Аракбай атыкты. Бир күнү эле аны өлөт-өлөт деп калышты. Барып көрүп калдык. Мен анда окуп жүрчүмүн. Өлгөн жок, бирок үч жыл төшөктөн турган жок. Бир күнү эле анан Аракбай айыгып, эшикте басып жүрөт дешти. “Койчу, Аракбай кантип эле басып жүрсүн?”деп туура эмес сүйлөгөн киши 40 күнгө жетпей өлүп калды. Акыры ал киши төрөбөгөн кишилерди Жылаңач-Бугуга барсын, Саймалыга барсын деп, калпа болуп калды.

Бир күнү ал агабызды Аткаруу комитетинин төрагасы үйүнө чакырат. Кийин ал киши мени менен иштеп калды. Өзү мага муну айтып берди: “Балам токтобойт. Аялым айтты, Разыканга барсаңар токтойт, жардамы тийет деп эл айтып жатат деп. Макул деп, сөзүн туура көрүп, Разыканды үйгө алдыртып, эт салып коноктоп, түнөттүк. Эртең менен болгондо анан: “Аялымды окуп бериңизчи” деп өтүндүм. Ал киши окучу деле эмес. “Аялыңды чакырчы” деп калды. “Чай куюп берип калып атпайбы” дедим. “Аялың сенден ажырашса, баласы токтойт. Сен башка аял алсаң, сенин да балаң токтойт” деди. Абдан жаман болдук. “Келжирейт” деп койдум. “Аялың эркек төрөйт, бирок токтобойт” деген. Айткандай эле, аялым эркек төрөдү, аным дагы экиге чыкканда чарчап калды. Анан эмне кылабыз, жаман-жакшы айтышпай эле, ынтымакташып оокатыбызды бөлүшүп, ажыраштык. Аялым ошол эле айылга турмушка чыкты. Мен аял алдым, койчунун кызын. Үч жылдан кийин балалуу болдум. Тиги аялым дагы эки эркек, бир кыздуу болгон. Көңүл калган жок, чай ичишип турабыз”деп, баланчанын аялы деп мага көргөздү. Айтканы айткандай чыккан Разыкан деген ошол киши 1956-жылы өлдү.

Кут. Мечит
Кыргыз динге ишенбеген, теңирге ишенген эл. Менин чоң атам 1963-жылы 96 жашында өлдү. Өзүмдүн атам 89 жашында өлдү. Атамдан укканым боюнча бир да киши намаз окучу эмес экен. “Үйүбүздө кутубуз бар, куттуу үйбүз” дешкен. “Апамдан акыры сурасам, койдун куйругун сыйпап, ак чүпүрөккө ороп, таардан согуп, бир аз ачык жерин бүчүлөп, чамадан дегенге катылган коргошунду көргөздү. Коргошунду эритип туруп куйганда, бир жагы менен түшүп чачырайт да, ошондо ар кандай мал кебетеленип түшүп калат. Демек, ар бир үйдүн кут коргошуну ар башка таризде” деген эле атам. Негизи кутту асмандан коломтого түшөт дешчү. Атамдын айтып бергенинен улам ойлосом, кут дегениң элдин өздөрүнүн эле чыгарып алган нерсеси окшойт. “Кийин биз чоңойдук, – дейт атам. – Менин укканымда 12-13кө чыгып калганымда арабдын дини кирди. Башка аймактагы элге эрте кириптир, бизге кеч кирди. Атам мени Кашкарга алып барып, молдодон окутту. 1885-жылдары араб дини күч ала баштаган кез. Салык салып, айылдын манаптарына бийлик кылып жаткан кез. Үйдөгү кут дегенди уурдап алып, чүкөгө куюп салдым. “Башка чукак кылдың”, – деп апам ыйлап… Мен жалгыз болуп, алты эжем бар эле, менин жалгыз эркек болуп калганымды энем менин кутту жоготуп салганым менен байланыштырды”. Атамдын бул айтканы илгерки биздин элдин ишенимин көрсөтөт.

Айылга мечит курулганы көп болду, эл азыр деле барбайт. Мен айылда башкарма болуп турганда, айылдагы аксакалдар: “Балам, пайгамбар жашына келдик, өлүп калсак деле кандай болот, намаз окуп туралы, мечит куруп бербейсиңби” дешти. Мейли дедим. Тракторчуларга үч бөлмө ашкана салдырып жаттым эле. Гараждын ичиндеги өнөркананы ашкана кылып, курулуп баштаган бөлмөнү мечит кылдырып салдым. Жаңы деректир келип калып, мен чала бүтүрүп калдым. Бир жылдан кийин ошол жердеги чала молдого жыл сайын орозодо битир тыйын деле алып жатканын айтып, акчасын чыгартып, чатырын бүтүрттүм. Менден суранган ошол чалдар гана ал жерден намаз окуду. Андан кийин ал мечитке басып барган жанды көргөнүм жок.

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА, “Айгине” маданий изилдөө борборунун илимий кызматкери,
«Адилет пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.