АКЫНДАР АЙТЫШЫ

Ыр жандуу окурмандарыбыз көп. Ал эми таланттуу акындарыбыз андан да арбын. Жаш акындардын шыгын ойготуу үчүн гезитибиз кезектеги сынак долбоорун уюштурууда. Окурман, алгачкы сынагыбызга өзүңүз күбө болуңуз.

СЫНАКТЫН ШАРТЫ
Шарты акындар үчүн опоңой. Редакциябызга келип, берилген тапшырмага карай ыр жаратуу. Кандай тапшырма берилери редакцияга келмейинче сыр бойдон сакталат. 20 мүнөттүн ичинде жаралган ырларга тажрыйбалуу акын-жазуучулар калыстык кылып, өзүнүн сын-пикирин айтып, жеңүүчүнү аныкташат. Ар бир таймаштан бирден жеңүүчү чыгып финалда беттешет да, жеңүүчүгө “Супер-Инфонун” сюрпризи ыйгарылат. Бул жолу биз жаш акындарды чакырып, аларга алдыңыздагы сүрөт-тапшырманы бердик.

МАХАБАТ КУМАРЫ

Бердибек Төлөгөнов

Шүүдүрүм сырдуу дарак астындагы,
Сүйүүлөр улам күчөп ташкындады.
Өмүрдө болуп көрбөс сүйүү балын,
Тажабай миң кайталап таттым дагы.

Жүрөктү алып учуп буюктурдуң,
Жүзүңдөн булак суудай тунуп турдуң.
Сендеги мага болгон бир сезимди,
Сен эмес, сумкеңден да туюп турдум.

Шуудураса сүйүүнүн жалбырагы,
Жаш жүрөгүм болк этип алды дагы.
Эгер сенден бир карыш алыстасам,
Канбачудай туюлат жан кумары.

Сен менден көзүң албай арбаласың,
Махабат музасына байланасың.
Күтө тур, менин кымбат жоодар селким,
Жакында периштеме айланасың.

СҮЙҮҮ-КӨПҮРӨ

Кудрет Тайчабаров

“Жаз – жарыш, күз – күрөш” дейт элибизде,
Жазында сүйүү келет төрүбүзгө.
Көктөмдү күтө бербей бүгүн деле,
Жүрөктү угузалы теңибизге.

Кош жүрөк кошулганда бакыт келет,
Ал шартка көпүрө – бул сүйүү делет.
Өмүрүң эки жээкте өтпөс үчүн,
Көпүрө үстүндөгү сезим керек!

Теңине элден ашык көңүл бөлгөн,
Жолукту эки жүрөк көпүрөдөн.
Сүйүүнү көпүрө деп атап койдум,
Бул сезим ар бир жанга өмүр берген.

КЕЧ КҮЗДӨГҮ КЕЗИГҮҮ

Кундуз Качкынбаева

Шырп этип улам бирөө жерге түшүп,
Дарактар жалбырактан айрылышса.
Аны да мен өзүмө окшоштурам,
Бутактар жерди карап кайгырышса.

Жүрөктөй эки жээкти бириктирип,
Сүйүүдөн салынгандай бул көпүрө.
Экөөнүн ак сезимин билик кылып,
Ээрчишип бул жашоодон бирге өтүүгө.

Бактына суктангансып эки жаштын,
Бариктер бак ичинде дирилдешет.
Көтөрүп турган сүйүү-көфпүрөнүн,
Көөнүндө не жатканы эч билинбейт.

Кыялдын оозун тартып ойго салды,
Кыналып турган жаштар сүрөттөгү.
Кыяндай суу каптады өткөндү эстеп,
Кыпкызыл жалын өчүп жүрөктөгү.

СЕНИ КҮТӨМ

Айжан Кемелова

Сен белемсиң жүрөгүмдүн өзөгү,
Тээ тереңде кайнап жаткан күн сымал.
Көздөрүңө карай албай жалтанам,
Кара кийип жашырынган түн сымал.

Бизди курчап жалбырактар шуудурайт,
Сууга берип музыканын ыргагын.
Аба салкын, мемиреген тынч чөйрө,
Мага арначы, жан дүйнөңдүн жыргалын.

Сез, жан эркем, эркиңди ал колуңа,
Сени күтөм, тоскоол болбойм жолуңа.
Акырында сага айтар сөзүм бар,
Бир берилип катуу кысчы бооруңа!


КАЛЫСТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Меңди Мамазаирова,
акын, жазуучу. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери:
– Чындыгында, жаш акындардын бардыгы кынтыксыз, кемчилиги жок иштешкен. Бирок жаңы табылга жок. Бардыгы бирдей ыргакта, бирдей стилде жазышкан. Кундуздун ыр саптарында ой толук берилген. Бирок он муун менен келе жатып, ыргак сакталбай калган.

Бердибек оригиналдуулугу менен мени ынандырды. Ырда жылуу сезим билинип турат. Бардыгынан да аяккы эки сапта автордун акыркы бүтүмү берилип, ой толук камтылган. Ошондой эле сезимдер деталдуу түрдө сүрөттөлгөн. “Сендеги мага болгон бир сезимди, сен эмес, сумкеңден да туюп турдум…” деген саптар менен сумканы да кошуп кеткен. Мен ушул жигитти жеңүүчү деп атаар элем. Поэзияда жаштар жакшы табылгалар менен кубандырып турушса демекчимин.

Жыпар Исабаева,
акын:
– Кундуздун ыр саптарындагы салыштыруулар мага айрыкча жакты. Бирок жакшы келе жатып эле 3-4-саптар бузулуп, карама-каршы маанини берип калган. Уйкаштык, техника жакшы болгон менен, эки жашты көрүп туруп,“кыпкызыл жалын өчтү жүрөктөгү” деген саптар мага кызык болду.

Бердибек образды жакшы бере алганы менен жакты. Чалынган, мүдүрүлгөн саптар жокко эсе. Ошондуктан мен Бердибекке “мыкты” деген баа берем.

Кудреттин ыр куроо техникасында өзүнө таандык бир стиль бар экен. Жаңы табылгалар, курч салыштыруулар бар. Бирок автордун берейин деген ою жакшы берилбей калган. Айжандын ыр саптары мага таптакыр түшүнүксүз болду. Анткени “кара кийип жашырынган түн сымал…” дептир. Бирок мен сүрөттөн эч кандай караңгылыкты көрө албадым.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №417 29-октябрь – 4-ноябрь, 2010-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.