Унутулуп бараткан улуу инсан

Улуттук китепканада залкар режиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгына арналган “Кино кереметине айланган өмүр” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси өттү.

Анда Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы өкмөт, коомчулук тарабынан эске алынбай баратканы, анын ысымын Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берүү, айкелин тургузуу маселеси козголду.

Улуу залкар замандашын “жылдызга” теңеп
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкар кинорежиссеру Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, “Көк серек”, “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Ак илбирстин тукуму” деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө таанытканын, элдин бактысына бүткөн таланттуу инсан экенин убагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да белгилеген.

Улуу сүрөткер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Көк серек” тасмалары дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 100 тасманын тизмесине кирип, дүйнөлүк мурас катары бааланганы бекеринен болбосо керек.

Төлөмүш Океев 1966-жылы биринчи жолу тарткан “Бул жылкылар” кыска метраждуу тасмасы менен эле абдан жөндөмдүү режиссер, башкаларга окшобогон өзүнө таандык чыгармачылык өзгөчөлүгү бар сүрөткер катары көргөзө алган. Анын даректүү тасмаларынан баштап, бардык толук метраждуу кинолору Африка, Азия, АКШ, Европадагы эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга татыктуу болгон.

Саясат сахнада кутуруп турганда – Муза бурчта ыйлап отурат
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык Академиянын ректору, коомдук ишмер Жумагул Саданбеков өкмөт тарабынан да, коомчулук тарабынан да Төлөмүш Океевдин ысымын түбөлүккө калтырууга болгон мамиле солгун экендигин белгилеп, бул маселеге да саясат аралашып кетти деп эсептейт.
– Немистердин улуу философу Гете айткан: “Саясат сахнада кутуруп турганда – Муза бурчта ыйлап отурат”,-деп. Мен режиссер, маркум Дооронбек Садырбаевди аябай сыйлайм. Өлкөнүн өнүгүшүнө абдан зор салым кошту. Бирок “кинорежиссер катары Төлөмүш Океевдин бучкагына да тең келбейм” деп нечен жолу айтканы бар. Мына Дооронбек Садырбаевдин ысымындагы көчө бар. Саясат. Бирок Бишкекте Океев атындагы көчө жок.

Жумагул Сааданбеков таланттуу режиссер Төлөмүш Океевдин кинолорунун пленкалары эскирип, керектен чыгып баратканын эске алып, кыргыз кинолорун тез арада реставрациялоо маселесин өкмөткө коюп, анын айкелин тургузуу үчүн жер участогун бийликтен бөлдүрүп алып, каражатты коомдук уюмдар аркылуу чогултуу демилгесин көтөрдү.

Жердештери эскербей, чет жердегилер кадырлап
Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракеси ушул жылдын 16-ноябрында Москвадагы Кино үйүнүн чоң залында Орусиянын режиссерлор биримдигинин демилгеси менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу алдында өттү.

Ал эми 11-сентябрда, Төлөмүш Океевдин туулган күнүндө коомчулук анын 75 жылдыгын өткөрө албаганын себеби 65, 75, 85 деген 5 саны менен аяктаган мааракелер өткөрүлбөсүн деген өкмөттүн атайын токтому бар экендигин маданият министри Садык Шер-Нияз белгиледи.

Садык Шер-Нияз бул иш-чараны өткөрүүгө Маданият министрлиги тарабынан шарт түзүлүп берилгенин кошумчалады.

Төлөмүш Океевдин классташы, белгилүү драматург Бексултан Жакиев атактуу адамдарды эскерип туруу келечек муун үчүн керек деп эсептейт.
– Маселен Төлөмүш сыяктуу атактуу адамдардын мааракесин өткөрүү көзү өтүп кеткен Төлөмүшкө эч кереги жок. Ал тирүүлөргө керек. Кыргыз элине керек. Кыргыз жаштарына керек. Келечек үчүн керек. “И-ии, ушундай мыкты адамдар жашаган экен” деп балдар тарбияланса, жаштар түз жолго кетет. Ойлоп атат кээ бирөө ичи тардык кылып, маараке Океевге керек деп. Океевге кереги жок

Чындыкты баары эле тике айта албайт
Замандаштары СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевди кыргыздын рухун дүйнөгө тааныткан сүрөткер, улуттук кинонун классиги эле эмес, коомдук ишмер, элчи катары мамлекетке зор пайдасын тийгизген инсан болгондугун, анын адамга күйүмдүүлүгүн, намыскөй, сөздүн баркын билген тамашакөй, шайырдыгын, чындыкка тике карап, өзүнүн көз карашын түз айткан “көк жалдыгын” эскеришти.

1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты катары Москвада Коммунисттик партиянын Кремлдеги курултайында мамлекет башындагы дөө-шааларды, эл депутаттарын элге чындыкты айтууга, калп айтпоого үндөгөн.
Алдыда абдан оор иштер турат. Негизинен элге жашоонун чындыгын жеткирүү керек. Калп айтпай, коркоктук кылбай, элге ак дилинен берилип, туулган Жер энени сүйүп, керек болсо ал үчүн жанды берүүгө даяр болуш керек,- деп Төлөмүш Океев белгилүү жазуучу Александр Твордовскийдин чыгармасындагы каарман Василий Теркиндин сөзү аркылуу өзүнүн жеке пикирин билдирген.

Айтылуу кинорежиссер жана коомдук ишмер Төлөмүш Океев 1993-жылдын 9-апрелинде Кыргызстандын Түркия Республикасына толук ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалып, гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллегенция үчүн анын элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

2000-жылы күз айында Бишкекке келип киночулар үйүндө 65 жылдык мааракесине байланыштуу жолугушуу болуп, мамлекеттин экономикалык-социалдык абалына, элдин жакыр турмушуна жаны ачып, демократиялык баалуулуктар сакталбай, коррупциянын гүлдөп өсүп баратканына тынчсыздануусун билдиргенине күбө болдум эле.

Ошондо “Маданиятка көңүл бурбаган мамлекеттин келечеги жок” деп каңырыгы түтөп, мекенине батпай кыргыздын уул-кыздары дүйнө кезип тентип жүрүшкөнүнө кейиген, кайран киши.

Улуу тоону ыйык тутуп, улут үчүн деп жашоо өткөрүп келген улуу сүрөткердин жүрөгү өлкөдөгү, коомдогу өзгөрүштөрдү, терс көрүнүштөрдү, мекендештеринин кайдыгерлигин көтөрө албай токтоп калдыбы деген да ойго келесиң.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында 1935-жылы 11-сентябрда жарык дүйнөгө келген Төлөмүш Океев 66 жаш курагында, 2001-жылы 18-декабрда жүрөк оорусунан Анкарада каза болуп, сөөгү 21-декабрда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

2002-жылы 17-ноябрда “Кыргыз-фильм” киностудиясына Т.Океевдин ысымы ыйгарылган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 09.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.