“Улуу Баян” коомдук фонду манасчыларга ай сайын берилчү сыйлыктарды тапшырат

Республикада түзүлгөн «Улуу Баян» коомдук фондунун иши – эң оболу манасчыларга сый-урмат көрсөтүүгө жана аларды колдоого багытталган.

Фонд тарабынан «Эл манасчысы» деген коомдук наам жана ал наамдын ээлери үчүн бир жолку 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, таза күмүштөн жасалган төш белги жана 2000 (эки миң) сом өлчөмүндөгү өмүр бою, ай сайын берилип турчу сыйлыктар белгиленген.

“Бул наамды жана өмүр бою алчу стипендиянын сертификатын манасчыларыбыздын сакалдуулары Сапарбек Касманбетовго жана КР эл артисти Уркаш Мамбеталиевге тапшырууга чечим кабыл алдык”-дейт фонддун жетекчиси Бакыт Романов.

Коомдук наамды тапшыруу аземи 2010-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарындагы «Манас» айылы тарыхый-этнографиялык комплексинде өтөт. Наам тапшыруу аземине манасчылар, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана жазуучулар чакырылат. Каалоочуларга эшик ачык.

«Кабар» МА, 14.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.