Кыргызстан: “Тил кербени” өкмөткө берилди

Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Азимжан Ибраимовдун айтымында, “Тил кербени” кыргыз тили кысымга учураган, абалы оор, тил мыйзамы үйгүлтүккө учураган аймактарда, шаарларда болуп кайткан. Негизинен мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүсүнө көңүл бурулган.

А. Ибраимовдун айтымында, Кыргызстанда жалпы маалыматтын 10 пайызы гана кыргыз тилинде берилет. Демек, басымдуу бөлүгү кыргыз тилдүү аймактарда маалымат алуу чоң маселеге айланууда.

Журналист, серепчи Абдыкерим Муратовдун айтымында, калкты маалымат менен камсыз кыла турган журналисттердин өзүлөрү үчүн да кыргыз тилинде маалымат алуу кыйынга турат. Анткени, президенттик аппараттан тартып, кичи мекемелерге чейин маалыматты орусча таратышат, же орусча даярдалган маалыматтын котормосун беришет. Бул кыргыз тилинде таратылган маалыматтын сапатына кедергисин тийгизүүдө дейт ал.

Бир нече айга созулган “Тил кербенинин” алкагында, жүздөгөн мекеме, ишканалар мамлекеттик тил боюнча атайын текшерүүдөн өтүп, айрымдары жетишкендиктери үчүн сыйлыкка да ээ болушту. Бирок, бул иш чара көргөзмө мааниге ээ бир жолку акция катары калат деген кооптонуулар да айтылууда.

“BBCKyrgyz.com”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.