Түркияда өткөн эл аралык айкелчилердин симпозиумунда Б. Арыковдун эмгеги эң мыкты деп табылган

Түркияда өткөн эл аралык айкелчилердин симпозиумунда кыргызстандык Бообек Арыковдун эмгеги эң мыкты деп табылып, атайын сыйлык менен сыйланган. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.

Анын айтымында, Бообек Арыков симпозиумда “Манас тамгасы” композициясын жаратып, калыстар тобунун жогорку баасын алган.

“Манастын тегерегинде кандайдыр бир руханий күч бар. “Манас тамгасы” деп аталган композициям симпозиумга катышкандардын кызыгуусун жаратты. Иш-чараны “ТҮРКСОЙ” уюштуруп, ага Түркмөнстан, Азербайжан, Кыргызстан жана башка мамлекеттерден айкелчилер катышты”, – деп айтты Б. Арыков.

“Манас тамгасы” композициясы Жер ортолук деңиздин жээгиндеги сейил бактагы айкелчилер паркында орун алды. Анын бийиктиги 3,6 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.

М. Момуналиева, “Кабар” МА, 22.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.