Бишкекте жазуучу М. Элебаевдин 105 жылдыгына байланыштуу көргөзмө ачылат

Бишкекте Улуттук китепкананын имаратында 21-январда жазуучу жана котормочу Мукай Элебаевдин туулганына 105 жыл толгондугуна байланыштуу китеп-көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмөдө жазуучунун жашоо жолун камтыган китептер, гезиттик жана журналдагы макалалар жана иллюстрациялар коюлат.

Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер жана жазуучунун туугандары катышмакчы.

М. Элебаев кыргыз профессионалдык адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын «Зарыгам» аттуу алгачкы ыры 1924-жылы «Эркин-Тоо» гезитине чыккан. Анын алгачкы чыгармалар жыйнагы 1931-жылы жарык көргөн.

Ал ошондой эле дүйнөлүк жана орус классикасын кыргыз тилине которгон, мисалга, ал Н.В.Гоголдун, Л.Н.Толстойдун, А.С.Пушкиндин, С. Маршак жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

М. Элебаев Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон.

А. Мураталиева, “Кабар” МА, 19.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.