Бир ырдын сынагы

«Кыргыз маданият борбору» «Бийиктик» басмасы менен бирге кезектеги БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялайт. Бул сынак жай мезгилине арналып “АПТАП” деген аталышта болот. Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы боюнча чектөө жок. Ошондой эле ырдын формасы жана көлөмү боюнча да чектөөлөр коюлбайт.

Сынактын шарттары:

1) бир автордон бир ыр;

2) сынакка жиберилген ыр буга чейин эч бир жерде жарыяланбаган болуш керек;

3) сынакка жиберилген ырдын сынакка катышуусуна «Кыргыз маданият борбору» уруксат берет. Бул сынаккка катышкан ырлардын кайсы бир көркөм деңгээлин камсыздоо максатында жүргүзүлөт;

4) кайсы бир ырга жазылган пикир катары келтирилген ырлар сынакка катышпайт;

5) сынакка июлдун 29уна чейин жиберилген ырлар катыша алат (сүрөтүңөр менен аты-жөнүңөрдү да кошо жибергиле);

Сыйлыктар:

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-, 2- жана 3-орун үчүн байгелер жана «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын сыйлыгы каралган.

1-, 2-, 3-орундардын ээлерин курамына Жыргалбек КасаболотовОлжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров кирген жюри аныктайт. Ал эми «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын байгесинин ээси ырларга жазылган пикирлердин негизинде аныкталат.

Сынактын демөөрчүсү «Бийиктик» басмасы жеңүүчүлөргө сыйлыктарын – басмада чыккан адабий китептерди – бермекчи.

Сынакка ырларды kmborboru@gmail.com дареги боюнча жибере аласыздар.

Эскерте кетсек, мурдагы бир ырдын сынагы жазга арналып “Көктөм” темасында болгон.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Бир ырдын сынагы

  • 26.07.2011 at 15:57
    Permalink

    Эмне учун менин “Аптапка” жиберген ырым жарыялана элек????

    Reply
    • 26.07.2011 at 16:07
      Permalink

      Бизге келген ырлардын авторлоруна баарына жооп берип жаткандайбыз. Эмне үчүн сиздин ырыныз бизге жетпеди, бизге да тушунүксүз. Мүмкүн болсо дагы бир жолу жөнөтө аласызбы бул адректерге: tokoevm@namba.kg, jirgalbek@mail.ru.
      КМБ

      Reply
  • 26.07.2011 at 15:58
    Permalink

    сиздердин телефондор барбы?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.