Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, ашыктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Диаметри 1—2 метрдей тегерек сызылат, тегеректин ортосуна оюнчулар бирден Чүкөлөрүн бир катар кылып тизишет, тегеректен 4—5 м. аралыкка таяк ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Эгерде көзектеги оюнчу, чүкөнү тегеректен уруп чыгарса, чыгарган чүкөнү утуп алып оюнду, кайрадан жаңылгыча улантат. Эгерде жаңылып калса же таяк ашыктарга тийбесе же чүкөлөр жана ыргытылган таяк тегеректен сырткары чыкпаса, оюндун кезеги көзектеги оюнчуга өтөт. Тегеректеги чүкөлөрдүн бардыгы урулуп чыгарылса, оюнчулар кайрадан бирден чүкөлөрдү чогултушуп, оюнду кайрадан башташат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеректен көп чүкөлөрдү уруп чыгарып утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Таяк менен таякчаларды уруп тегеректен чыгаруу, таш менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таякчаларды тегеректен уруп чыгаруу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, тегеректе турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, мээлерге, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.