Айбек Сарыгулов, Кыргызстан достук жана маданият коомунун жетекчиси: “Түркияда кыргыздардын каада-салтына суктанышат”

Чет мамлекетте билим алган жаштардын деңгээли белгилүү эмеспи. Акыркы кездерде “чет элде окугандар келип иштесе мамлекет өнүгөт эле” деген сөздөр көп айтылчу болду. Биз ал жактын берген билимин талкуулабай, башка өңүттө карайлы дедик. Маселен, чет мамлекетке барган кыргыз студенттер андан кийин барган мекендештерин колдоп, жол көргөзүп, керек болсо акчалай да бири-бирине жардам берип калгандарын кулагыбыз чалып калат Чет мамлекетте биртуугандай ынтымакта жүрүшкөн мекендештерибиз тууралуу Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият коомунун” жетекчиси Айбек Сарыгулов менен маектештик.

– Айбек мырза канча жылдан бери Түркиядасыз?
– Кыргызстан-Түркия ортосундагы келишимге ылайык 1992-жылы жалпы 2000 студент, анын ичинде Стамбул шаарына 150 студент жиберилгенбиз. Бир жыл бою түрк тилин үйрөнүп, анан университетти аяктадык. Буйрук экен окууну бүткөн соң ошол жактан иштеп калдык. Ошо негизде 19 жылдан бери Түркиядамын.

– Ал жактагы кыргыз студенттердин жашоо-шарты тууралуу айтсаңыз… Көпчүлүк бөлүгү үйүнөн акча албай окуганына караганда студенттердин стипендиясы жетиштүү окшойт?
– Студенттерге ал жактан бекер жатакана, бекер жол билет берилет. Стипендияга өтө кенен жашай албаса да, ач калбай орточо жашоого болот. Кээ бир студенттер кошумча жумуш таап алышат. Ал жакта билимдин сапаты жогору болгондуктан көп студенттер кыйналганына кайыл болуп, окууну биринчиликке коюшат. Буга чейин шарт бираз татаал болчу. Акыркы 4-5 жыл ичинде инфляция түшкөнүнө байланыштуу, Түркияда (анын ичинде студенттерге да) жашоо шарты бир топ жеңилдеди.

– Сиздердин коомуңуздардын түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз?
– Бул коомду 2009-жылы май айында түзгөнбүз. Бул демилгени көптөн бери эле ойлоп жүргөнбүз. Бирок, аны ишке ашырып, коомду түзгөнчө бир топ убакыт өттү. Негизги максаты – Түркияда кыргыз маданиятын жайылтуу, таанытуу, кыргыздардын башын бириктирип ынтымагын күчөтүү, кыргыздар менен түрктөрдүн достугун бекемдөө болуп эсептелет. Биринчиден, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган соң 1992-жылдан кийин окууга барып, Түркияда иштеп жашап калган кыргыз жигиттери, кыз-келиндери көбөйдү. Арасында үй-бүлө кургандары болду. Андыктан жыл өткөн сайын ошол жердин салтын сиңирип, өз улутубуздун дөөлөттөрүн унутушпасын, балдары кыргыздын каада-салттарын үйрөнүп чоңоюшсун деген максат койдук. Экинчиден, мурда 40-60-жылдарда барып отурукташып калган кыргыздар менен байланыш түзүү, достук, ынтымак орнотууга умтулдук. Үчүнчүдөн, маданий иш-чараларга жалаң кыргыздарды эмес, жергиликтүү тургундарды да чакырып, кыргыздын маданияты менен тааныштырууну эп көрдүк. Мына ушул үч негизге таянуу менен Кыргызстан достук жана маданият коому иш-чараларды жүргүзүп келет.

– Стамбул шаарында кыргыз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын шаан-шөкөт менен өткөргөн турбайсыздарбы, салтанатта жалаң кыргыздар болдубу, же…
– Кыргыздар жолугушуп, бири-бири менен байланышта, ынтымакта болуусу үчүн көбүрөк чогултуп турууга умтулабыз. Нооруз, курбан айт сыяктуу майрамдарды сөзсүз өткөрүп турабыз. Бул жылы эгемендиктин 20 жылдыгын салтанат менен өткөрдүк. Ага Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги, Стамбулдагы кыргыз консулдугу, РФ, Казакстан, Өзбекстандын консулдары, Азербайжан, Татарстандын өкүлдөрү келишти. Андан сырткары жергиликтүү тургундар биз менен чогуу майрамдашты. Мисалы, салтанатка келген 2000 ден ашуун кишинин 1000 ге чукулу жергиликтүү түрктөр болду.

– Түркиядагы кыргыздардын негизги көйгөйлөрү эмнеде… Кара жумушта иштеген кыргыздар да барбы?
– Ал жакта 10 000 ден ашуун кыргыз бар. Жай мезгилинде 15 000ге чейин жетет. Антальяга туристтик сезондо иштөө үчүн да көп барышат. Бирок, кара жумушта жүргөн кыргыз жок. Анткени, ал жакта визалык режим катуу. Виза алуу, легалдуу жумушка орношуу татаал. Негизги көйгөй да ушул. Учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биз да колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Максатыбыз оңунан чыгып жыл аягына чейин визалык режим жокко чыгарылып калса ажеп эмес. Жол алыстыгынан мекенин сагынган кыргыздар, студенттер каалаган убакта үйүнө келе албаганын эске албаганда башка көйгөй деле жок.

– Изник шаарында кыргыз жоокерлерине арналган күмбөз бар экени чынбы?
– 11-кылымда Селчуг мамлекети Изникти алып жатканда кыргыз жоокерлери чоң салым кошкон. 13-кылымда Осмон империясын түптөөдө Осман Газиге да кыргыз жоокерлери көп жардам көргөзүшүптүр. Алардын эки кылым бою айтылып келген эрдиктеринин урматына күмбөз тургузулуптур. Биз эки жылдан бери студенттерди чогултуп, ал жакка экскурсия уюштуруп турабыз. Андан кабардар болгондор башка шаардан бизге байланышып жатышат. Мисалы Токат районундан “Бизде да кыргыз күмбөзү” деп аталган жай бар. Мүмкүн силерге тиешелүүдүр” деп кабарлашты.

– Түрктөр кыргыз улуту тууралуу кандай пикирде?
– Алар кыргыздарды абдан жакшы кабыл алышат. “Деңгээли жогору, акыл-эстүү улут” деп баалашат. Анан “миңдеген кылымдык тарыхыңар бар, өзүңөргө гана таандык каада-салтыңар бар” деп суктанышат. Анткени түрктөр түрк улутундагылар жыйналып эл болгон. Көп каада-салттары деле жок. Биздин улуттук каада-салттарыбызга суктанышат, “биз бул тарабыңарды силерден үйрөнүүбүз керек дешет. Мисалы, тушоо кесүү каадабызды угуп алып “сонун салт экен” деп аябай таң калышты. Негизи, түрктөр кыргыздарга жылуу мамиле жасап, боор тартып турушат.

Маектешкен Анара Дыйканова, “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.