XIX кылымда кыргыз жигити даярдаган “Кыргыз сөздүгү”

 

(Баш сүрөттө Гүлзура Жумакунова менен Аттокур Жапанов)

Бир изилдөөм үчүн Түрк Тил Курумунун (Түрк Тил Комитети) картотека бөлүмүн карап жатып, кол жазмалар фонду материалдары арасында И. Букин «Кыргыз сөздүгү» деп жазылган жана жылы көрсөтүлбөгөн бир карточканы көргөнүмдө, бир аз таң калуу менен дароо заказ кылдым. Китепканачы бул эмгекти атайын бөлүнгөн залда гана окуй ала турганымды, көчүрмө жасоого, сүрөтү тартылууга болбой турганын эскерткенде кызыгуум дагы да артты. Бул атайы бөлүмдө колума беришкен китеп 1883-жылы бир кыргыз жигити (?) тарабынан даярдалып, Ташкентте басылган бир сөздүктүн түркчө котормосу эле.

Түркчө котормосунун качан, ким тарабынан жасалганы тууралуу эч бир маалымат жок. Сөздүк чоң форматтагы барактарга машинкада латын ариптери менен жазылып, сапаттуу мукабаланган. Этюддар (жарыяланбаган адабияттар) бөлүмүндө сакталганына караганда Түркияда басылбаганы белгилүү. Кол жазманы ачкан эле жерде:

I.M.Bukin. «Kirgiz Sozlugu». Taskent, 1883. деген жазуу көзгө урунат.

Андан кийинки бетте «Башкы адистин пикири» темасы алдында бул эмгек жөнүндө билги берилет. Пикир: «Котормосу берилип отурган «Кыргыз сөздүгү» кыргыз жигиттеринен Ишмехмет (Эшмамбет да болушу мүмкүн) Бука уулу тарабынан жазылып, 1883-жылы Ташкентте басылган» деген жазуу менен башталат.

Бул биринчи эле сүйлөмдөн Букиндин Бука уулу экени жөнүндө маалымат алабыз. Башкы адистин (котормочу да болушу мүмкүн) айтуусуна караганда, сөздүктөн арап жана орус тамгалары менен транскрипция жасалган экен. Айрым фонетикалык каталардын транскрипция маалында келтирилиши мүмкүн экенин белгилеген адис («б» менен «р»нын арасындагы үндүүлөрдүн жазылбай калышы сыяктуу, мисалы: бржакка) «булардын олуттуу эместерин эмгекке кийлигишүү болбосун деп өзүндөй калтырып, олуттуу деп эсептелген жана басма катасы экени шексиз болгондорун казак, кыргыз тексттери менен салыштырып оңдодук» деп жазат.

Андан соң башкы адис тарабынан кыргыз түрктөрү тууралуу маалымат берилген. Ал маалыматта кыргыздар тили боюнча казак-кыргыздар жана кара кыргыздар деген эки диалектиге ажырай турганын, «орус революциясынан» мурунку статистика боюнча казак-кыргыздардын саны 6 миллион болуп, анын 5 миллиону Орусияга, 1 миллиону Кытайга карарын, жайгашкан жерлери түндүктө Иртыш, Тобул дарыялары, түштүктө Аму жана Сырдарыя, батышта Кеспи (Каспий) жана Волга (Астрахан), чыгышта Алтай, Тянь-Шань жана Кытайдын ичине чейин созулуп жатканын белгилеген.

«Дикокаменные киргизы» терминин «тик аска кыргыздары» деп которуп колдонгон адис, кара-кыргыздардын санынын 1 миллиондой экенин, алар Тянь-Шань, Алай жана Памир тоолорунда жашарынан кабар берет. Башында мындайча казак-кыргыз, кара-кыргыз деп бөлүп бергенине карабастан, негизги текст ичинде көбүнчө казак жана кыргыз деп эле колдонгону көрүнөт.

Сөздүктүн 2-бетинде баш адис казактар менен кыргыздардын тилиндеги айырмачылыктардан сөз кылган. Кыргыздардын «ш» менен «ч»ны башка түрк элдери сыяктуу колдонгондорун, казактардын болсо «с» ордуна «ш» коюп, сүйлөгөндөрүн, кыргыздарда «о», «ө» сыяктуу эрин үндүүлөрүндө үндөштүк сөздүн бардык мүчөлөрүн ичине аларын белгилеген. Мындан тышкары (түркчөдө Г.Ж.) жумшарып айтылбас абалга келген жумшак «g» менен «ğ»нын ордуна кыргыздарда созулма үндүүлөр, казактарда болсо, дифтонгдор пайда болорун мына бул мисалдар менен көрсөткөн: tağ-tuu-tav, bağ-buu-bav, ağ-av. (Мисалдар сөздүктөгүдөй берилди). Сөздүктө ы-и, о-ө, у-ү тамгаларынын дайыма чаташтырылганын белгилеген адис, мунун эки себеби болушу мүмкүн экенин: биринчиси автор балким казакча, кыргызчадан башка тилде, Казань диалектисине жакын жергиликтүү бир диалектиде сүйлөгөн киши болушу мүмкүн; экинчиси – орус тамгалары менен жазган автор бул тамгаларды жазганда ката кетирген болуу керек деп эсептейт. Мындан түп нуска орусча жазылып, транскрипциясы арабча жасалаган болуу керек деген пикирге келебиз.

Башкы адис кыргыз, казак тилдери тууралуу «бир пикир берүү максаты менен» сөздүккө бул тилдерден тексттер кошумчалагандарын белгилейт. Башкы адис аты-жөнү берилген эмес, болгону сөздүктүн 3-бетинин аягында С.Д., пикирдин аягында Н.А. деген ысым баш тамгалары деп болжолдонсо боло турган белгилер коюлган. Эч кандай дата коюлган эмес.

Кол жазманын 3-4-беттеринде В.В.Радловдун «Түрк калктарынын элдик адабиятынын үлгүлөрүнөн» алынып кошумчаланган «казакча, кыргызча тексттер», 6-бет кыргызча менен казакчаны салыштырган сүйлөмдөр, 7-бетте болсо кыргызча бир канча сөздүн ар түрдүү түрк тилдериндеги айтылыштары берилген. Салыштырма тилдери катары: түркчө, казакча, тувача, алтайча, якутча, чувашча, чагатайча жана уйгурча алынган. Бул сөздөрдүн: тоо, май, жоо, жөө, жаңы, жука, оору, жууркан, аюу, бийик, суу, оор, ыйла, мүйүз, ооз, омуртка, боор, боо сыяктуу түрк тилдери арасындагы фонетикалык жана лексикалык айырмачылыктарды ачып көрсөтө турган сөздөр болушу бул кошумчаларды жасап, сөздүктү басмага даярдаган кишинин түрк тилдери тууралуу кеңири маалыматы бар, орусча жакшы билген бир түрколог экени жөнүндө пикир жаратпай койбойт. Айрыкча мынчалык изилдөөгө алынып, которулуп, алдын-ала атайлап салыштырма маалыматтар, өрнөктөр берилген сөздүктүн басмага олуттуу түрдө даярдалганынан шек кылууга болбойт.

Сегизинчи бетте сөздүктө орун албаган, бирок кошумча тексттерде кезиккен сөздөрдүн котормолору берилген. Андан кийинки бетте Бука уулунун түп нускадагы бет ачарынын котормосу берилет. Автор мындай деп жазат: «(назарыңыздарга) сунуп турган «Кыргыз сөздүгү» Перм шаарындагы) орто жана Түркстан мугалимдер окуу жайында окуп жүргөн кезимде сабактан тышкаркы учурларымда жазган эмгегим. Бул сөздүк студенттик жашоомдун түшүмү болгону үчүн толук жана илимий бир баага татый албас. Кыргыз тилине тиешелүү сөздөрдүн системалык түрдө топтолушунун алгачкы аракети жана тажрыйбасы.

Практикалык жактан колдонула турган бир булактын, илим жана басма сөз дүйнөсүндө да кыргыз тилине тиешелүү бир сөздүктүн жоктугу муну даярдашыма түрткү берди. Бул эмгегимди жарыялап жатып улутташтарым (түркчөсү: ыркташларым) кыргыздарга, азиз мекендештерим орустарга эки тилде тең (мубаделен ефкары) котормо түшүнүгүн жеңилдетүүнү көздөдүм.

Түркстан Мугалимдер окуу жайы IV курс студенттеринен Иш Мехмет Букин 9/11/1882. Ташкент.

Бул жерде автордун кыргыз же казак болбошу пикирин күмөндүү кылган бир катар жагдайлар бар. Биринчиден, автор Перм шаарында окуган бир студент.

Сөздүктү сабактарынан бош убактысында жазганын белгилейт. Букиндин колунун алдында бош убактысында карап материал чыгарып ала турганчалык кыргызча жазма булактар же тегерегинде аралай чаап кеңири материал жыйнап ала турган кыргыз, казак чөйрөсү болбогону маалым. Андай болгондо, башка улуттан болгон биринин ошончо материалды жыйнап, бир-эки жылда сөздүк кылып даярдоого жетишиши күмөндүү.

Экинчиден, кыргыз, казак сыяктуу тили жакын элдердин сөздөрүн семантикалык жана тыбыштык жактан айырмалай билүү үчүн башка улут өкүлүнүн күчтүү илимий даярдыгы, тажрыйбасы болушу керек. Мугалимдер институтунун 2-3-курсунун студентинен мындай даярдыкты күтүш бир аз түкшөмөлдүү. Үчүнчүдөн, Букин сөздүктүн бет ачарын 1882-жылы окуу жайдын 4-курсунун студенти кезинде жазганын белгилейт. Китептин басылышы 1883-жыл деп берилгенине караганда, китебин дароо бастыра алган. Сөздүктүн Казанда же Уфада эмес, Ташкентте бастырылышы да белгилүү өлчөмдө автордун ортоазиялык болушуна ыктымал берчү жагдай.

Бет ачар бетке жана тамгалардын кайсы беттерде экенин көрсөткөн андан кийинки бетке номер коюлган эмес. Сөздүк орус алфавити катары негиз алынып жазылган 261 беттен турат. Кийин кошумчаланган аяк жагындагы 5 бет менен бардыгы 266 бет. Сөздүктүн өзү араб цифралары менен 1 ден тарта номерленген. Казакча менен кыргызча аралаш берилген сөздүк тизими бир мамыча түрүндө тизилген. Сөздүк тизимине уңгу түрүндөгү сөздөр менен катар сөз айкаштары да эч кандай ажыратуучу белги коюлбастан берилген. Сөз айкаштарын жана туундуларын тиешелүү сөзгө карата уялаштыруу принциби ырааттуу сакталбаган. Тиешелүү уңгу сөздөн мурун сөз айкаштары келип калган учурлар көп. Мисалы: адамның иши айкашынан кийин адам, азаптандырмак, азапшы дан кийин азап сөзү берилген. Этиштер -мак инфинитив мүчөсү менен берилгенин көрөбүз: адымдамак, азаймак, айдамак, айкайламак ж.б. Омоним сөздөр да эч белгисиз катар берилген: айдамак (малды), айдамак (талааны); мамиле этиштерин жана татаал этиштерди берүүдө ой келдилик бар. Ар түрдүүлүк туунду формалардын, мүчөлөрдүн берилишинде да көрүнөт, адептик, адиллик (адилдик ордуна).

Албетте, кыргыз, казак тилдери боюнча «биринчи тажрыйба» болгон бул сөздүктө аталгандай жана терең анализделгенде дагы да чыга турган башка кемчиликтеринин болушу табигый нерсе. Кандай болгон күндө да капысынан табылган бул биринчи кыргыз сөздүгүнүн автору кыргыз же казак, же башка түрк калктарынан бири болсун, ошол кезде ушундай милдетти моюнга алган жана сөздүк жарыялай алган кайраты, журт сүйөрлүгү менен алкоого татыктуу. Сөздүктүн Түркияда түркчөгө которулуп, сакталып калышы да бир катар жагдайлардын кабарчысы сыяктуу.

Биринчиден, бул сөздүк белгилүү илимий чөйрөлөр тарабынан билинген жана жактырылган болуу керек. Түркчө которулушуна чечим кылынышы, мына ошол маалымдуулуктан жана берилген баадан келипчыгышы мүмкүн. Экинчиден, мынчалык жайылууга ээ болгон сөздүктүн түп нускасы сөзсүз бир жерде, эң көп ыктымал, Ташкентте сакталып турушу мүмкүн. Автору тууралуу маалымат да ал жерден же эски Пермдеги Түркстан мугалимдер окуу жайынын архивинен алынган болсо керек. Үчүнчүдөн, автор практикада жана илимде «кыргыз тили тууралуу эч бир сөздүктүн жоктугу» аны бул сөздүктү түзүүгө түрткөнүнөн жана анын сөздүгү бул жааттагы «биринчи тажрыйба» экенинен сөз кылат. Автордун жарыяланганынан ал кезде он жылдан ашып калган Л.З.Будагов сөздүгүнөн кабары болуп-болбогону белгисиз.

Лазарь Захарович Будаговдун «Түрк-татар диалектилеринин араб, фарс тилдеринен көп колдонулган сөздөр киргизилген жана орус тилине которулган салыштырмалуу сөздүгү» («Салыштырма сөздүк түрк-татар диалектилеринин, анын ичинде эң кеңири таралган араб сөздөрү жана фарсы жана орусча котормосу менен») материалынын топтолушу жана аларга кеңири ачыктамалардын берилиши көз карашынан маанилүү сөздүктөрдүн бири. Сөздүктө жашаган түрк тилдеринин (татар, түрк, азербайжан, башкырт, казак, кыргыз, кумык, ногой, өзбек, түркмөн, уйгур, алтай, хакас) фактылары менен катар эле түрк, өзбек, уйгур тилдеринин эски эстеликтеринин сөз фонду да кеңири чагылдырылган.

Бука уулунун «Кыргыз сөздүгүнөн» он жыл кийин, башкача айтканда 1893-жылдан тарта «Түрк диалектилери сөздүгүнүн тажрыйбасы» сөздүгүн жарыялай баштаган В.В.Радловдун да бул сөздүктөн кабары болгонбу, болсо өз сөздүгүндө пайдаланганбы деген суроолорго жооп изделиши керек.

Сөздүктүн түп нускасынын жана түркчө котормосуна тиешелүү материалдардын табылышы азыр алдыбызда турган бир топ суроонун жообун бермекчи. Айталык, башкы адис белгилегендей, бул сөздүктүн 1883-жылы Ташкентте басылганы аныкпы же котормо кол жазмадан даярдалганбы? Басылган болсо жана түркчөгө да которулуп басы-лышы татыктуу көрүлгөн баалуу бир сөздүк болсо, эмне үчүн бул күнгө чейин белгисиз болуп келди. Котормо латын алфавити менен жазылганына караганда азыркы түрк алфавити кабыл алынган 1928-жылдан кийин которулдубу же мурун которулуп, бир топ эски адабияттар сыяктуу латын алфавитине кийин көчүрүлдүбү? Мынчалык даярдык менен которулган жана басмага даярдалган сөздүк эмне себептен басылбай калды? Бул сыяктуу суроолорубузга сөздүктүн түп нускасынын котормого байланыштуу архив материалдарынын табылышы, ошондой эле сөздүктүн өзүнүн ар тараптуу анализделиниши менен жооп ала алабыз.

Тил Курумунда сөздүктүн оригиналы сакталбаптыр. Котормо, котормочу тууралуу да азырынча китептин өзүнөн алгандан башка колго тийген архивдик маалымат жок. Башка архивдер да иликтелиниши керек. Тил Куруму жетекчилигине бул сөздүк тууралуу маалыматтарды издеттирип, изилдөө жүргүзүшүбүз, атүгүл ылайык көрүлсө, Түрк Тил Куруму атынан басмага даярдашыбызга көмөк көрсөтүүлөрүн суранган арыз менен кайрылдык. Биз тараптан да Ташкенттеги байланыштар аркылуу эмгектин түп нускасын издештирүү аракетин баштаттык.

Кандай болгон күндө да, Бука уулунун бул сөздүгү кыргыз лексикографиясынын тарыхын 60 жыл артка жылдырышы менен жана ошол учурдагы кыргыз лексикасына атайын арналган биринчи сөздүк болушу жагынан тарыхый жана тилдик баалуулукка ээ. Макалабызды сөздүктүн чыныгы ээси болгон кыргыз коомчулугунун кабары болсун деген максат менен жаздык. Алдыбызда бул сөздүктү изилдеп, түп нускасын табыш турат. Табылса өзүн, табылбаса түркчө котормосу боюнча татыктуу тарыхый баасын бериш милдети турат.

Гүлзура ЖУМАКУНОВА,
Анкара университетинин профессору, Түркия.
“Кыргыз туусу”, 10-13.02.2009

Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.