Манас касиети

Көчтөн калган аксак дөбөт сыңары жалтактап жалгыз басканында тек алдынан кездешкен кишилерге тике карай албай – жүзү карарды. Өзү иштеген арам иштерин ачык айтып өкүндү.

х х х
1930-жылдардын ортосунда улуу эпостун 1000 жылдыгын өткөрүүнү демилге кылгандар К.Тыныстанов, О.Алиев, С.Карачев, Т.Айтматов, Ж.Абдрахманов, А.Орозбековдор 1937-38-жылдары репрессияга кабылат.

х х х
Улуу өнөрдү аздектеген ошондогу өкмөт башчысы Баялы Исакеев керемет талант бар экенин угуп, атайын өзүнүн өкмөттүк машинесин жиберип, Ак-Талаа районунан Молдобасан манасчыны атайын борборго көчүрүп келген экен, улуу эпосту жаздырып калуу үчүн.

х х х
Онго жакын тилди билген, атактуу лингвист-түрколог Е.Д.Поливанов 1935-жылы эң биринчи ирет “Манас” эпосунун миң жылдыгы тууралуу оюн айтат. Арадан эки жыл убакыт өтпөй 1937-жылы 1-августта камалып, Москвада улутчул көз караштагы адам катары атууга кетет.

х х х
“Манастын” мазмуну жаткан бир тарыхый деңиз” деп биринчилерден болуп баа берген, “Манас менен Алмамбет” пьесасын жазган К.Рахматуллин 43 жашында кан кусуп жатып мүрт кетет.

х х х
Залкар манасчы Сагымбай Орозбаков башы Чоң-Кеминден, аягы казак айылдарына чейин кыдырып бир жай бою кең өзөн Чүйдө Манас айтып, кийин элден түшкөн 400 жылкыны Кочкорду көздөй айдатып кеткен экен.

х х х
Манас жолу улуу жол. Бирок кээде жолун билбей же шашып ишке киришкендиктенби, же не бир биздин акылыбыз жете бербеген күчтөр башкарып турган үчүнбү, Манас жолу кээде кырсыктуу да болуп келет.

Кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаев “Манас” эпосу боюнча эчак эле киносценарий жазып, кара сөздүн чебери жана драма артисти Касымалы Жантөшев аны режиссер катары экранга алып чыгаарда кырсыкка учураган.

х х х
1980-жылы Москвада өткөн олимпиадада жердешибиз Каныбек Осмоналиев кореялык оор атлетчи менен алтын медаль үчүн кармашып, эң акыркы ирет түртүп көтөрүүдө чулу темирдин жанына келип, көктү бир карап алып, анан бирдемелерди кобуранып, анан ошол ал үчүн эң оор салмакты жаш бөбөктү көтөргөндөй эле элпек көтөргөнүнө көбүбүз күбө болгонбуз. Кийин 20 жылча өтүп, ошондо эмне деп сүйлөндүңүз эле десем, “Манас атамдын арбагы колдой көр” дегем, анан артыман келип бир улуу күч жардам берди дейт. Ошентип кыргыз уулу өз тарыхында биринчи ирет олимпиадада алтын медаль алган эле.

х х х
Ошол жылдары бир канча китептери жарык көрүп, ондогон пьесалары сахнада коюлган менен Жалил Садыков ошол кездеги партжетекчилердин бири менен каршы пикирде болгондуктан жашы келип калса да мамлекеттик наам, сыйлыктан кур жалак калат. Анан бир жолу Алматы шаарында “Манастын уулу Семетей” спектакли коюлуп, ага Казакстандын 1-катчысы Динмухаммед Кунаев катышып, “Бул кыргыздын гимни турбайбы” деп бийик баа берип, бир айдын ичинде Фрунзеге келгенинде борбордук комитетке “Силердин Жалил Садыков деген таланттуу жазуучуңар бар экен, эч наамы жок турбайбы” деп кыргыздардын намысына тийген экен. Гастролу бүтүп келсе, маданият министри К.Баялинов издетип атыптыр. Бир айдын ичинде наамды да, Токтогул сыйлыгын да ыйгарышыптыр.

х х х
Белгилүү манасчы Назаркул Сейдирахманов 1993-жылы бүткүл дүйнөлүк түрк тилдүү элдердин курултайына барат. Ошондо Түркия Президенти Тургут Озал сөз сүйлөп ачылып, анан ал “Биз бүгүн түрк элдеринин 1-курултайын Манас менен ачышыбыз керек” деп сахнага манасчыны чакырат. Сурап атып экинчи ирет айттырышат. Анан Стамбулдагы Мухаммед пайгамбардын музейине алпарышат. Ошол жерде төрт молдо кезектеп куран окушуп, күн батырышат экен. Ошондо манасчы Назаркул Сейдирахманов да отура калып куран окуп атса, аны көргөн делегацияны жетектеп жүргөн түрк жетекчи: “Манас” айткан адам өзү пайгамбар эмеспи, сиз да куран окудуңузбу?” деген экен.

х х х
Залкар жазуучу Ашым Жакыпбеков 1994-жылдын 1-июнунда “Теңири Манас” китебин басмага тапшырат. Бир апта өтпөй 4-июнда 59 жаш курагында көз жумуп кете берет. Өз китебин өзү көрбөй калат. Өзү эңсеп жүргөн улуу эпостун 1000 жылдык мааракесине катышууну да тагдыр буюрбаган экен.

х х х
Улуу эпостун 1000 жылдык мааракесин уюштурууга өзгөчө эмгек сиңирген “Манас-1000” дирекциясынын генералдык директору Шеримбек Шаршеев, орунбасары Асылбек Зулпуев, этнография боюнча башкы адиси Амантур Акматалиев кийинки улуу тойго – Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдык мааракесине жетпей көз жумуп кете беришти. “Айкөл Манас” спектаклинде Манастын ролун аткарган залкар талант Күнболот Досумбаев да, тилекке каршы ушундай эле тагдырга туш болот.

х х х
Мурда колуна бир да жолу калем кармабаган эң туңгуч манасчы Жайсаң Үмөт уулунун “Айкөл Манасын” эң алгач Бүбү Мариям дептерге жазып баштаган күнү 1995-жылдын 2-ноябрында жер эки-үч курдай силкинет.

х х х
“Манас” эпосу англис, француз, немис, венгер, кытай, орус, казак, өзбек, монгол, алтай, литов, тажик, түркмөн, хинди, иврит тилдерине которулган. Хинди тилинде жарык көргөн варианты эле 400 млн, калк сүйлөйт.

х х х
1962-жылы 1-катчылардан биринчи болуп Т.Усубалиев Манас күмбөзүнө барып, бузулуп, талкаланып атканын көрүп, аны реставрациялоо боюнча атайын токтом кабыл алып, өзү жеке көзөмөлгө алат.

1980-жылдардан кийин гана зобололуу саясый жана мамлекеттик ишмер Т.Усубалиевдин түздөн-түз жетектөөсү астында гана Сагымбайдын төрт, Саякбайдын беш томдугу жарык көргөн.

Москвадан атактуу архитектор А.И.Печенкин менен кыргыз скульптору Т.Садыковду чакырып алып, Баатыр Манастын душманды жеңип аткан, жанында акылзаада, ажарлуу Каныкейдин жана даанышман Бакайдын образы керек экенин өзү сунуш кылган.
…Т.Усубалиевдин кыргыз тарыхында бийликте эң узак тургандыгынын себеби ушунда болуп жүрбөсүн.

х х х
Адатта, асыресе адабиятта Саякбай эң узак Манас айтканда үч күн, үч түн айткан деп айтылып келет. Кээде жети-сегиз күн улам эс алып айтканын уккан замандаштар да бар. Ал эми манасчы өзү ыраазы болуп, “…Улуу Ата Мекендик согуштун алдыңкы жылдарында, бийлик ээлеринин суроолору боюнча жайдын толук кезинде жайлоодо боз үй тигилип… Эл көп. “Манасты” айтуу күн чыгып чамгаракка илингенде башталып, чак түштө бир саатка тыным болот. Андан кийин уланып, күндүн нурлары чамгарактан күн чыгыш жаккы учуна илингенде токтолот. Ошентип, жайдын толук күндөрүндө эртеден кечке тынбай “Манас” айтып, анын башынан аягына 22-23 күндө чыгып жүрдүм. Элге минтип толук айтып бергениме өзүм да ыраазы болуп калдым” деп эскерет. Бул дээрлик беш жүз элүү саат. Демек, дүйнөдө бир дагы искусство мынчалык узак созулбайт. Буга дейре Тыныбек манасчы улуу жомокту 30 күн тынбай айтканы айтылып келет.

“Манас” үчилтигин толук айтууга төрт жыл, төрт ай, төрт жума убакыт кетет деген сөз бар. А эгерде Саякбай Каралаевдин ыргагы менен тынбай айтканда эң кеминде күнүнө төрт миң саптан айтылса, жарым жылдан кем эмес убакыт керек экен.

Манастын кенендиги бир башка, тереңдиги бир башка, эми узактыгын карабайсыңарбы. Саякбай Каралаев айткан “Манасы” үч ирет жазылып алынып, үчөө үч башка болуп айтылган.

1936-жылы айтканда 84514 сапты түзсө, 1952-жылкы вариантында 19413 сап, ал эми 1964-жылы айтканда 11971 сапты өзүнө камтыган.

х х х
Азыркы Илимдер академиясындагы “Манас” эпосунун варианттарындагы жалпы сөздүн саны он миллиондон ашат. Жайсаң ырчы Кайып кызы Карабөрктүн себине кетип аткан үйдүн жасалгасын эле жарым күн ырдаган экен.

х х х
1990-жылдардан кийин эле жээн күйөө баласы Султангазы Касымовдун өкмөт жетекчилерине уюштурган катынан кийин С.Каралаев жашаган Москва көчөсүндөгү үйүнө мемориалдык доска (такта) орнотулат. Аны каракчылык кылып уурдап бараткан шылуундар ошол эле күнү колго түшүп, кийин жол кырсыгына кабылышат.

х х х
“Манас” боюнча бизде азыр филология илимдеринин бир гана доктору бар. Ал Р.Кыдырбаева эжебиз 1984-жылы “Манас” эпосунун генезиси” деген темада жактаган. Дагы эки таланттуу илимпоз ОшМУнун профессору Т.Танаев жана Бишкектен А.Обозканов докторлугун эртең-бүрсүгүнү жактайын деп турганда каза болушкан.

х х х
Адатта бүт дүйнөнү өз керемети менен Жапон өлкөсү таңгалтып келет. Ал эми 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдык тоюна келген жапониялык фотожурналист Нобуири Накамура манасчыларды көрүп: “Мээсине миңдеген сапты эстеп калган силердин манасчылардын таланты компьютердик система сыяктуу экен” деп таң калган экен.

х х х
Эгерде мурда залкар манасчылардын түшүнө Айкөл Манас өзү кирип аян берсе, кийинки Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев, Тоңдон Азиат, Жети-Өгүздөн Улан Исмаилов, Түптөн Кубанычбек Алмабеков, Ак-Суудан Тилек Асанов, Талантаалы Бакчиев Саякбай Каралаевди түшүндө көрүшүп, аян алып айтып жүрүшөт.

х х х
Менин классташым Нурмат Алиев политехникалык институтта окуп, бир араб жигит менен бир бөлмөдө жашаган экен. Кийин ал кыргыз кызга үйлөнүп, Эмиратка кетип 7-8 жылдан соң үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келип, Соң-Көл жээгине эс алганы барышат. Курсташтары кымыз сунуп, кой союп сый-урмат көрсөтүшүп, анан Соң-Көл жээгинде Манас атанын кереге ташын көрсөтүшөт. Аны көргөн араб жигит шакаба менен кабыл алып күлүп, “Манасыңар тимеле дөө болгон го” деп шылдың кылат. Мунусу кыргыз жигиттердин кыжырына тиет. Анан чогуу боз үйдө уктап жатышса, алиги араб жигит бакырып-өкүрүп түнүчүндө уйкусунан тура качат. “Эмне болду?” деп сурашса, “Бир дөөдөй болгон киши келип тизеси менен муунта көкүрөгүмдү басты, Манасты шылдың кылган сенсиңби деди” – деп улам-улам араб тилинде келме келтирет.

Эртеси таң атаары менен кереге ташка барып, кан чыгарып, куран окутуп, кечирим сурап кайтышат. Ошентип, айкөлдүн кеменгерлигине шек келтирген ким да болсо улутуна карабай жазасын тартары айныксыз окшобойбу.

х х х
2010-жылы февраль айында “Ордо Сахна” театры менен бирдикте манасчы Рысбай Исаков Америкага барып Манас айтат. Гастролдун акыркы күндөрү 15-20 мүнөт Манас айтып, өзү да улуу дастанга сүңгүп кирип кетет. Аны угуп жаткан кесиби художник-дизайнер кыз эс-акылынан адашып, транска кирип кетет. Анан 10-15 мүнөттөн соң гана манасчы өзү айласын таап, эс-акылына келтирет.

х х х
2006-жылдын баш жагында “Литературная газетанын” бир санына журналист Юрий Чехонадскийдин “Брат Тряпичкин – ваш личный гид” аттуу “Манас” эпосуна карата туура эмес, шылдыңдоо иретинде жазылган макаласы жарык көрөт. Анын айтымында, “Союз элдеринин атасы” Иосиф Сталиндин буйругу менен кыргыз элдик “Манас” эпосу жазылган имиш.

Эпосту эң биринчи белгилүү казак окумуштуусу Чокан Валиханов Кыргызстан боюнча саякаттап жүрүп, алгач 1856-жылы эл оозунан “Манас” эпосунун бир эпизодун – “Көкөтөйдүн ашын” жазып алган. Ошентип, эпосту кагаз жүзүнө түшүрүү 1879-жылга чейин – Тифлиси губерниясында болочок “эл атасы” Иосиф Сталин-Джугашвили туулганга чейин 24 жыл илгери эле башталганын, ал эми улуу дастан VII-VIII кылымдан бери айтылып келатканын ал журналист түшүнбөсө керек.

Юрий Чехонадскийдин мына ушундай статьясы жарык көргөн газетага үч айдан кийин аталган жазуучунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу жарык көрүп жатпайбы. “Таба кылбай тобо кылалы”. Айкөлгө акаарат келтиргендер эзели жакшы бүткөн эмес.

х х х
2009-жылы тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов менен коомдук ишмер Салмоор Алыкулов Казакстандын Жез-Казган деген жеринен Кыргызстанга Манап бийдин эстелигин орнотууга 3 тонна жез алып келатканда (болжолу 12 миң долларлык), жолдон түн ичинде чечен улутундагы бандиттер жүгүн тоноп, өздөрүн күм-жам кылмак болушат. Айлалары кеткенде, Ө.Осмонов чөнтөгүндөгү “”Манас” коомуна мүчө” деген күбөлүгүн көрсөтүп, “Бул жез Манас атанын эстелигине керектелет” деп айтууга туура келген. Улуу Манастын касиетин сезген алардын арасындагы казак жигит беркилерге түшүндүрүп, чөнтөктөрүндөгү 700 америка долларын алып, өздөрүн жолго салат. Ошентип, айкөлдүн аты бир бөөдө өлүмдөн сактап калган экен.

Каныбек Иманалиев, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.