Атасынын уулу Эсенгул
Бул кайгылуу кабарды угуп алып жаман болдум. Июлдун башында белгилүү акын Дүйшөн ЖАПАРОВдун жалгыз уулу сүрөтчү, акын Эсенгул КЕМЕЛОВ отуздун кырынан араң гана ашып барып жарык дүйнө менен коштошуп кете бериптир…
Бизде гана эмес дүйнө жүзүндө деле бул дүйнөдөн өтүп кеткен чыгармачыл адамдын ысымын унуттурбай, мурасын сактап, элге тартуулап келүү вазийпасын моюнуна жүктөгөндөр адатынча мамлекет эмес эң жакын адамдары болот. Бирок андай мураскерлер бардык эле чыгармачыл инсандардын бактысына жазыла бербейт. Дүйшөн байке бул жагынан бактылуу экен. Эсенгул апасы Гүлбара эже экөө кыргыздын керемет акыны, атакка-байлыкка умтулбай, жөнөкөй жашап өткөн атасы жана жолдошунун адабий мурасын сактап, элге тартуулап жеткирүү боюнча чоң иштерди жасап, китептерин чыгарышты.

Эсенгул атасын эскерип, сагынып постторду жазып, атасынын ырлары менен да такай бөлүшүп турар эле…

Өзү да ыр жазаар эле. Жазганда да жакшы жазаар эле. Изденип, ыр жазганын таштабаса келечекте атасынан ашпаса да ага тең боло турган акын чыгат деген чоң үмүт бар болчу. Аттиң… өмүрү кыска экен.
Жаткан жериң жайлуу болсун, Эсенгул…
Эсенгулдун айрым ырларын сунуштайбыз.
КУСАЛЫК
Жылуулук жок шум заман,
Жырткычтардай ырылдап.
Жүдөп турам араң жан,
Жүрөгүм ооруп зырылдап.
Туңгуюк болгон келечек,
Туш тарабым караңгы.
Жалгыздык болуп өнөкөт,
Жалгыз басып каламбы.
Кечире көр чоң Кудай,
Кетирген далай катамды.
Сарбагышын сайраган,
Сагындым байкуш атамды.
Мээримин төгүп айланып,
Мен үчүн далай козголгон.
Артынан такай ээрчитип,
Атадан мурун дос болгон.
Арманга толо дүйнөнүн,
Аргасын кантип табалык.
Кош бол атам алтыным,
Кош бол асыл балалык.
КҮҮГҮМ
Кеч кирип, батыш кызарып,
Көлөкө жерге бөлөнөт.
Көгөргөн тоонун бооруна,
Кызарган булут жөлөнөт.
Жашынып биздин тараптан,
Жылмышат көктөн эңиштеп.
Жазганын артып тагдырдын,
Жарканат учат жем издеп.
Кубатын берип тирлике,
Күн жер шарын чимирген.
Кылымдан кийин көрүнгөн,
Койчуман чыгат иңирден.
Кудайдын жүзүн жаркытып,
Күн жашайт көктө күнөөсүз.
Көрөңгө таппай карайлап,
Көп күндөр кетти мүдөөсүз.
24.04.21
АКЫНГА
(атам Дүйшөн Жапаровго)
Ата-журт өлүп түшүмдө,
Атамды ажал атканда.
Жетпедим чуркап үлгүрүп,
Сыйрытмак салып жатканда.
Кайгырып турам муңайып,
Кайтарып берчи өлүмдөн.
Көркүнөн кетип табият,
Көңүлүм жерге көмүлгөн.
Куураган талаа чөл болуп,
Кулаган бакыт тагынан.
Үшүгөн бактын түбүнө,
Үзүлгөн үмүт шагынан.
Жандаган дарты айыкпай,
Жашынан эрте карыган.
Калың жер туруп бошонуп,
Калдайган аалам тарыган.
Эзилип ичтен сызылып,
Жоголуп кетип көп ырлар.
Жашыган тоонун боорунда,
Арманга толгон ой, кырлар.
Жалгыздыктын асманы,
Жылдызы жок кара түн.
Сыдырып көрсөм үмүтүн,
Сындырып кеткен канатын.
Байкушум атам алтыным,
Асылы элең асылдын.
Ат-Башың дайым эскерсин,
Акыны сенсиң акындын.
Жоголбо кыргыз адашып,
Жок болуп кеткен көп улут.
Атамдын атын атай жүр,
Амандык сага Ата-Журт.
18.04.22
* * *
Өтүп жатат далай күндөр бош кетип,
Өткөн иштер мезгил менен кош кетип.
Олжосу жок турам бүгүн жалдырап,
Отуз бешке эчтекем жок бош келип.
Мейличи эми өкүнгөндө не пайда,
Мезгил мага камдагандыр бир айла.
Жылас болгон учурумду кайтарып,
Жылдан озуп жетип барам бир айда.
Кеткичекти, өткүчөктү өмүрдөн,
Көп нерселер өчкүчөктү көңүлдөн.
Кыска күндү узартууга бел байлап,
Карайм жолду сактап калар өлүмдөн.
27.02.25
ТУРМУШ
Ырлар бар толкутуп жан эргиткен,
Обону бар укканда мээ сергиткен.
Ошондой уусу да бар бу турмуштун,
Буулуктуруп сыздатып жан кейиткен.
Оор учурда бер өткүр кайратыңдан,
Отуна, суусуна да ээрибеген.
Бу жашоодо көп эле жакшылык бар,
Эч качан эч убакта кемибеген.
Кол үзбөй күтөм сенден жакшылыкты,
Үмүтүм бар дарыядай үзүлбөгөн.
Жайында жел болуп салкын согуп,
Кышында ызгаарына үшүбөгөн.
* * *
Кыштын түнү, уйку жок ойгоо жатам,
Түйшөлүп ичимден кайрат топтоп.
Терезеден көктү карап ойго батам,
Ай жалдырайт асманда сени жоктоп.
Кыял учуп алып жөнөйт бала кезге,
Баа жетпеген керемет жашыл кечке.
Өтүп кеткен өспүрүм, балалыгым,
Өзүң тигип өстүргөн бак ичинде.
Бул ааламды аңтарып көрө билип,
Пайгамбардай жашадың эң акылдуу.
Сырты күмүш, алтын менен ичтелген,
Дүйнө менен тааныштым сен аркылуу.
Жан кейитип жарык дүйнөм бөксөрүп,
Ич сыйрылып жазмышына багындым.
Жашоо туруп ушунчалык өзгөрүп,
Карааныңды бүгүн катуу сагындым.
2017
* * *
Чылым менен арактан,
Чыгып калба жарактан.
* * *
Башчыбыз тагып орденин,
Басылтты сенин оор демиң.
* * *
Бирөө жүрөт кудай деп,
Бирөө жүрөт Дубай деп.
* * *
Капарсыз жатат өлгөн адам,
Кайгысын тартат көмгөн адам.
ЫР ДҮЙНӨ
Адамдар жүргөн жерлерде,
Ар дайым болот чыр дүйнө.
Кыргыздар жүргөн жерлерде,
Кызарып бышат ыр дүйнө.
Кызыгы болуп жашоонун,
Кычкылтектей керексиң.
Асаба кылар ааламга,
Асмандан түшкөн белексиң.
Тирек болуп дилиме,
Тил тааныдым тилендим.
Жыргап жатам үстүндө,
Ырдан соккон килемдин.
Жүзүн окуп дүйнөнүн,
Жүз толкунуп, жүз өстүм.
Куулар үндөп бакчамдан,
Кудай менен жүздөштүм.
ТАҢ
Көгөргөн асман агарып,
Көктөн жылдыз сүрүлөт.
Көшүлгөн түздүк ойгонуп,
Көлөкө жерден түрүлөт.
Сыйнып күтүп караймын,
Сыйкырдуу ушул кезиңди.
Соолуктуруп денемди,
Сооротуп турат сезимди.
Кылымга тете бир күн бар,
Алмашкыс бүтүн өмүргө.
Адашсаң да турмуштан.
Жаккандай жаша көңүлгө.
Алдыда күн да аяктап,
Агарган таңдын кечи бар.
Жаштыгың өтүп бир күнү,
Жашоонун бүтөр кези бар.
ТООЛОР
Башын тиреп асманга,
Башынан көргөн баарысын.
Батыштан шамал кубалап,
Булуттар жапкан далысын.
Төбөсү тоңуп кар баскан,
Төшүндө булут калкыган.
Туур кылып аскаңды,
Туйгундай алга талпынам.
Жолдор болгон тайгалак,
Жоолор келип талкалап.
Тосуп турган ошондо
Тоолор бизди калкалап.
Кут даарытып жер бетин,
Куштар конуп чуулаган.
Жашыл көйнөк жамынып,
Жаз жыттанган улагаң.
Ал мезгил кетти эскирип,
Алмашып жашоо жазгырып.
Адаштырган калкыңды
Агымдар келди азгырып.
Шамыңды үйлөп үргүлөп,
Шамал сылайт ыргалып.
Шыбыр чыгат муң эзген,
Шоокум болуп ырдалып.
Туңгуюк болуп келечек,
Тушалып турат тушуңда.
Караңгылык каптаган,
Куткаргын элди ушунда.
ЖАЗ
Кыш бүтүп ордун жаз алып,
Кылгырат сулуу назданып.
Көркүнө кошо көрк берип,
Көйкөлөт кыздар жазанып.
Көргөндө көзүң арбалып,
Суудагы сүзгөн ак балык.
Жаштыктын демин курчуткан,
Жашоодо жанган ак жарык.
Болгула дайым ушундай,
Бейиштин кооз кушундай.
Жашарып турсун туш тарап,
Жашыл төр жайлоо тушундай.
Көчөлөп жүрүп назданып,
Көөдөнү көргө алданып.
Көрбөсүн күндү кашайган,
Көздөрүнө жаш алып.
КОШ, БАЛАЛЫК
Балалыгым – санаа тарткан апакем,
Жер аңтарып көчөт тиккен атакем.
Бир заматта өтүп кетти ошол кез,
Мезгил деген ойдон күлүк бат экен.
Чана сүйрөп кар чабышып кышкысын,
Чаң ызгытып чуркачыбыз жайкысын.
Чоңойгондо сүйгөн кызым алам деп,
Түндө жатып түш көрчүмүн Ай кызын.
Өз үйүбүз болот дешип жакында,
Ылай кечип баткак менен там уруп.
Кандай зор күч талап кылып турса да,
Талыкпастан турмуш үчүн кам уруп.
Күндүз кечке эс алышпай иштешип,
Күжүлдөшүп каруу, күчү толгон кез.
Кош, балалык жолукпайбыз биз эми,
Апам жапжаш, атам күчтүү болгон кез.
КЫШКЫ ТҮН
Санак жеткис асманда сан жылдыздар,
Сүрүлүп жоголушат таң алдында.
Күзүндөгү картайган жалбырактар,
Көмүлүп жатышат кар алдында.
Каркайган жылаңач дарактарга,
Каргалар конушкан бутактарга.
Кайда учуп барбаган эй каргалар,
Кандай күн бар алыскы узактарда?
Көпкө жүрүп түшүнүп көп нерсени,
Көптөгөн, толтура кемтигим бар.
Кылбасам да бирөөнө бир жакшылык,
Көк асманды батырар кеңдигим бар.
ЖАШТЫК
Жердин үстү күңүрт туман жамынып,
Жолго чыктым санаа тартып камыгып.
Жүз жаштагы ойлор менен келатам,
Жапжаш туруп көп нерседен чаалыгып.
Жашоо жалаң жасалмалуу төгүндөй,
Жылдан жылга соолуп Арал көлүндөй.
Отуз мага отуз жаштай көрүнбөй,
Отуз мага карыянын өңүндөй.
Окуранып табындагы күлүктөй,
Отуз аттиң күлгүн курак кез экен.
Бир жылт этип учуп өткөн жылдыздай,
Өмүр чиркин аткан октой тез экен.
Мезгил агат суу шарынын тезиндей,
Бала бойдон калып келем жетилбей.
Отуз мага отуз жаштай сезилбей,
Отуз мага жаш өспүрүм кезимдей.
ОТУЗ ЖАШ
Амансыңбы, “салам” сага отуз жаш,
Шайдоот күлүк бир орунга отурбас.
Келдим сага балалыкка кош айтып,
Өткөн жылдар кайра бизге жолукпас.
Байкадыңбы мезгил суудай шардыгын,
Бул жарыкта жашоо кыска, тардыгын?
Келдим сага кулап түшүп, оңдонуп,
Убакытка уттурганда бардыгын.
Бир топ айлар азоо кетип алкынып,
Тизгини бош күндөр өтүп камчылап.
Келдим сага көңүл ооруп алсырап,
Түрткү таппай жашаганга жакшылап.
Бул өмүрдү мезгил менен чектебей,
Баш катырып өзүмдү өзүм кектебей.
Келдим сага кайра баштан аттанып,
Жашайлы деп мындан ары кеч дебей.
Тартуу кылган табияттын жолунда,
Бир түйшүктү артып алып моюнга.
Самап жүргөн кыялдарга жеталбай,
Эңсөөлөрдү катып келем коюнга.
Көздөгөнүң көөдөнүңө арзыбай,
Көңүл калуу кездер болот тагдырдан.
Кайгынын да жолун тороп алдыдан,
Кубанычтуу күндөр күтөр ар кырдан.
Жаштык улам барат менден үзүлүп,
Кетип жатат акырындан жылмышып.
Жардам кылчы кудуреттүү Теңирим,
Жарда турам кулачудай тырмышып.
Түштөр жаман уурдап кеткен уйкуну,
Түндөн коркуп айбатынан алаңдап.
Өлүм келип терезеден шыкаалап,
Өмүр кээде үзүлчүдөй салаңдап.
Табышмактуу түркүн жомок жер бети,
Эки жаштын сүйүүсүнөн башталган.
Жан саларда жан алгычка табыштап,
Өмүр болсо өлүм менен ашталган.


