“Күз” темасына бир ырдын сынагы

«Кыргыз маданият борбору» кезектеги БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялайт. Бул сынак күзгө арналып, «КҮЗ» деген аталышта болот.

Сынактын шарттары эч өзгөргөн жок. Катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы боюнча чектөө жок. Ошондой эле ырдын формасы жана көлөмү боюнча да чектөөлөр коюлбайт.

Сынактын шарттары:

1) бир автордон бир ыр;

2) сынакка жиберилген ыр буга чейин эч бир жерде жарыяланбаган болуш керек;

3) сынакка жиберилген ырдын сынакка катышуусуна «Кыргыз маданият борбору» уруксат берет. Бул сынаккка катышкан ырлардын кайсы бир көркөм деңгээлин камсыздоо максатында жүргүзүлөт;

4) кайсы бир ырга жазылган пикир катары келтирилген ырлар сынакка катышпайт;

5) сынакка ноябрдын 30уна чейин жиберилген ырлар катыша алат (сүрөтүңөр менен аты-жөнүңөрдү да кошо жибергиле);

Сыйлыктар:

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-, 2- жана 3-орун үчүн байгелер жана «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын сыйлыгы каралган.

1-, 2-, 3-орундардын ээлерин курамына Жыргалбек КасаболотовОлжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров кирген жюри аныктайт. Ал эми «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын байгесинин ээси ырларга жазылган пикирлердин негизинде аныкталат.

Сынактын демөөрчүсү «Бийиктик» басмасы жеңүүчүлөргө сыйлыктарын – басмада чыккан адабий китептерди – бермекчи.

Сынакка ырларды kmborboru@gmail.com дареги боюнча жибере аласыздар.

Мурдагы бир ырдын сынактары:

«Көктөм»

«Аптап»

P.S.

“Аптап” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн сыйлыктары даяр. Бирок учурдагы саясий абалга байланыштуу биз аны кечирээк тапшыралы деп чечтик.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.