Адабий конкурс! “Арча” сыйлыгы – 100 миң сом

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү максатында Чынгыз Айтматовдун Эл аралык “Ысык-Көл форумунун” колдоосу алдында “Турар” басмасы жана “Жаңы  Ала-Тоо” адабий журналы 2011-жылдын 1-октябрынан тартып мыкты прозалык жана поэзиялык чыгармаларга, котормолорго “Арча” сыйлыгынын конкурсун жарыялайт.

“Жылдын мыкты жазуучусу”, “Жылдын мыкты акыны”, “Жылдын мыкты котормочусу” наамын ыйгаруу менен жанрлар боюнча өз-өзүнчө  сыйлыктар ыйгарылат:

Проза:

1- сыйлык. “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 100 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

Поэзия:

1- сыйлык. “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен 50 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

Котормо:

1- сыйлык: “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 50 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын дареги: 720031, Бишкек ш., Горький көч. – 1 А.

 E-mail: jany.alatoo@gmail.com

Конкурстун толук шарты “Жаңы Ала-Тоо” журналында.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.