“Күз” сынагы: Бакыт Жунусалиев

Күз келди

Куштар конуп сайрап турчу баштагы
Каргаларга толгон терек баштары.
Алар менен кошо келген сары күз
Акырындап төмөн түшүп баштады.

Жашын төгүп булуттар да көктөгү,
Бубак болду шүүдүрүмдөр чөптөгү.
Жыйбай калган жайдын жашыл этегин
Жыла басып күз мезгили тепседи.

Эстен кетпейт туулган жердин көркү – деп,
Эрте жазда келген куштар төркүлөп.
Кош-кош айтып учуп кетип жатышты,
Бул да болсо табигаттын эрки – деп.

Күн да ыктап улам тоолор тарапты
Күүгүм сымал мунарыктап таң атты.
Көчөлөрдү ээлей албай сейректеп,
Көлөкөлөр узун түшүп баратты.

Ала-Тоо да булуттарды жамынган,
Ак калпагын кийип кышка камынган.
Баягыдай талаа-түздүн көркү жок,
Балага окшоп чачы такыр алынган.

Тегерекке алтын чачып ашыгып,
Терин аарчып кирген эле шашылып.
Кымтып алып этек-жеңин күз кетти,
Кыроо баскан изин туман жашырып.

Бакыт Жунусалиев,
«Күз» сынагына

Соц тармактар:

10 thoughts on ““Күз” сынагы: Бакыт Жунусалиев

  • 03.12.2011 at 16:09
    Permalink

    оо
    бул жигит откондо да 1 орун алды эле
    бул ыры да жакшы чыгыптыр

    Reply
  • 05.12.2011 at 11:04
    Permalink

    Kuz keldi dep jazgany jakshy birok yrynyn ayagynda kuz ketti dep salyptyr.Yrdyn icinde kaichylash pikirler jatat.

    Reply
    • 06.12.2011 at 15:52
      Permalink

      en sonyn kaychilash pikir dele jok ar bir nersenin bashtaleshi jana sonu bolgondoy ele kuz dele kelet kaira ketet

      Reply
  • 06.12.2011 at 15:02
    Permalink

    Менимче куздун кирип келишинен баштап аягына чейин суроттолгон экен.
    Ырдын озундо деле ошондой маани жатат. Тушунбосонуз Janaly Says: кайчылаш пикир болуп коруно берет да сизге. Бирок бул ыр да салыштыруулары кучтуу, маанилуу жазылган ыр экен.
    Азаматсыз!

    Reply
  • 06.12.2011 at 17:53
    Permalink

    Жакшы ыр экен Бакыт. Ырын сонун болуптур. Калемин курчуй берсин! Алга!

    Reply
  • 07.12.2011 at 12:32
    Permalink

    Ырдын мааниси жакшы терен ойлор камтылыптыр. Бакыт байке талантын ташкындай берсин, ийгилик!!!

    Reply
  • 07.12.2011 at 13:46
    Permalink

    Бул ырды окуп мен бир ойго келдим, бул жерде Куздун кетип калуусу эмес балким Куздун байкалбай тез отуп кетуусу ошондой эле, ушул алтын чачып келген Куз мезгилин убактысынан пайдаланып калсак деп ойлодум анткени биз копчулук учурда Куз келери менен Кыштын келуусун кутуп калабыз Кыш келсе тонуп ушуп журоберебиз. Сага чон рахмат ушундай байкалбаган нерселерди байкатып,баркталбаган нерселерди барктатып ушундай ырларындан коп коп жазабер. Сага ийгилик.

    Reply
  • 07.12.2011 at 14:10
    Permalink

    нукура Кыргыз жерине арналган Куз болуптур,Ала Тоо колдонуп жазылыптыр.эн сонун, азаматсын!

    Reply
  • 12.12.2011 at 10:41
    Permalink

    Cok guzel yazmisis Bakit efendi

    Reply
  • Pingback: «Күз» темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды — kmb3

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.