Акындын сүрөтүн мүрзөсүнө чейин көтөрүп баргам»

Кыргыз поэзиясынын алпы маркум Алыкул Осмоновдун арабыздан кеткенине быйыл туура элүү бир жыл болот. Жыл сайын 12-декабрда поэзия ышкыбоздору тарабынан улуу акынга куран окутулуп, эскерилип турат.

Бишкек шаарынын тургуну, көп жыл мугалимдик кесипте эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда жүргөн Баатыр эне Сайкал АБДЫШОВА улуу акынды тиги жайга узатууга катышкан экен. Ошондуктан эжеге бир-эки суроолор менен кайрылдык.

– Сайкал эже, Алыкул дүйнөдөн өткөндө сиз канча жашта элеңиз, сөздү ушундан баштасаңыз? – Мен ал кезде Фрунзе шаарындагы Кыргыз кыздар окуу жайында үчүнчү курста окучумун. Он жетиге караган кезим болчу. Бул окуу жайы кийин Кыз-келиндер институту, андан кийин Ишеналы Арабаев атындагы университет болгонун өзүңөр жакшы билесиңер.

– Анан кандайча болуп Алыкулду жерге берүүгө катышып калдыңыз эле? – Ал күн менин эсимден эч кетпейт. Ошондогу күндүн суугун айтпа. Окуу жайдын мугалимдери, студенттер болуп Алыкулду мүр­зөсүнө чейин узатып барганбыз. Алды жакта он чакты киши, алардын артынан Алыкулдун сөөгү салынган машина жай жылып баратты. Машинанын үстүндө Алыкулдун сөөгүнүн жанында акындын эжеси уулу менен отурат. Машинанын артынан бир кыз акындын портретин көтөрүп баратат, ал мен болчумун. Артта көп эл. Ошончо кыздын ичинен агайлар мени көрсөтүшүп: “Ушул кыз көтөрөт”, – деп Алыкулдун портретин мага карматышкан. Кара сызма менен жээктелип, узун таякка бекитилген маркумдун портретин мүрзөсүнө чейин көтөрүп баргам. Колумда мээлейим жок болчу. Үшүгөнүмдөн улам бир колума алмаштырып, экинчи колумду оозума алпарып үйлөп, жылытымыш этип, койнума да катып отуруп эптеп көтөрүп барганым алигүнчө эстен кетпейт. Ал сүрөт мүрзөнүн үстүнө сайылып коюлган. Андан бери жарым кылымдан ашык мезгил өтсө дагы ошол күнүм эч унутулбайт.

Алыкулдун арбагы мага ыраазы болсо керек деп өзүмчө ойлоп калам. Себеби ошончо кыздан анын сүрөтүн көтөргөн да мен болдум. Кийин Алыкул төрөлгөн жерге келин болуп бардым. Ыраматылык жолдошум Асан Тилекеев менен бактылуу өмүр сүрүп, бала-чакалуу болдук. Быйыл экс-президентибиз Роза Отунбаеванын жарлыгы менен “Баатыр эне” наамын алдым.

– Анда ушул жакшылыктарыңыз кут болсун, эже. Бүгүнкү эскерүүңүз үчүн Алыкулдун арбагы сизди дагы да колдой берсин.

“Кыргыз Туусу”, 09.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.